
Сузак районундагы Акчалуу айылындагы көрүстөн коопсуз жайга көчүрүлдү (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылындагы Акчалуу жана Ачы сел сайларынан келген сел суулары айылдын көрүстөнүн бузуп, көрүстөнгө коюлган маркумдардын сөөктөрүн агызып кеткен фактылар катталып, инфекциялык жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу жаралган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мүрзөнү коопсуз жайга көчүрүү маселеси 2014-2015-жылдары жергиликтүү бийликтер жана жергиликтүү жашоочулар тарабынан коюлуп, КР Өзгөчө кырдаалдар министи К.А.Бороновдун Сузак районуна жасаган кызматтык иш-сапарындагы протоколдук тапшырмасына киргизилген.
Аталган көрүстөнгө 1900–жылдардан баштап, 2008-жылга чейин жалпы болжол менен 1100 адамдын сөөгү көмүлгөн.
КР ӨКМнин 2017-жылдагы “Авариялык калыбына келтирүү” иш планынын негизинде аталган көрүстөндү жаңы коопсуз жайга көчүрүү иштери июнь айында башталып, 2 эксковатор, 1 ПОРТЕР үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа жана 10 жумушчу тартылган.
Натыйжада, көрүстөндө көмүлгөн жалпы 1100 адамдын сөөгү (152сөөктүн аты-жөнү такталган, 948 сөөктүн аты-жөнү белгисиз) казылып алынып, көчүрүү иштери аяктады. Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык коопсуздукту сактоо боюнча инструкцияларына ылайык эски мүрзөнүн ордун залалсыздандыруу жумуштары жүргүзүлүп жатат.
“Эски мүрзөдөгү айланасы тосулган темир сеткалар чыгарылып алынып, кайрадан ондолуп жаңы мүрзөгө алынып келинип 400 метр аралыгы жаңыланып тосулду. Мындан тышкары жаңы мүрзөгө бастырма (навес) курулуп жатат”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41