Таш-Көмүрдөгү жол кырсыгынан каза болгон 8 адамдын ичинен бешөөнүн өздүгү аныкталды
Бүгүн, 20-июль күнү таңкы саат 5-30 чамасында Бишкек-Ош жолунун 468-километринде Ош шаарынан Бишкек шаарына карай багыт алып өз жолунда "МАН" үлгүсүндөгү прицеби менен жүк ташуучу автоунаа өтүп бара жаткан.
Анын жолуна карама-каршы жол тилкесине чыгып Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаа толук карама-каршы жол тилкесине чыгып кагылышуу жасап өзүнүн жолуна кайра аңтарылып түшүп калган убакта, үчүнчү машина Хонда Одиссей келип сүзгөн. Натыйжада Хонда Степвагон үлгүсүндө жүргүнчү болуп бара жаткан 8 киши окуя болгон жерден каза болгон. Анын ичинен 3 аял 4 эркек, 1 кичинекей 4 жаштагы кыз. Хонда степвагондун айдоочусу оор акыбалда ооруканага түшкөн. Одиссейден жана оор жүк ташуучу автоунаадагылардан оор жараат алгандар жок жана материалдык чыгымга учураган.
Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги барып жеке көзөмөлгө алуу менен тергөө-ыкчам тобу жумуш алып барууда.
Жол кырсынан каза болгондордун өздүгү аныкталгандары:
-Жунусмамат уулу Эрмекбай. 1994-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну;
-Бердибеков Шамшидин Камалович, 1970-жылы туулган, Ош облусунун Алай районунун Даарат-Коргон айылынын тургуну;
- Дусматова Адинахан Укматовна, 1973-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну;
- Асанова Малика Эргешовна. 2014-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн району Куршаб айылы;
- Төрөгелдиева Гулнара Калиловна 1965-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Кулжа районунан.
Калгандары такталууда.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05