KELECHEK
rek

Жалал-Абад: Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташуу күчөйт

Жалал-Абад: Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташуу күчөйт

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорлору менен кызматташтыкты тереңдетүү аракеттерин корүп жатышат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) Кыргызстандагы кеңсесинин «Саламаттыкты сактоо маселелериндеги башкаруу» программасынын жетекчиси Моника Косинская жана консультант Адам Тилоини менен Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айзат Раматиллаева менен бирге болгон жолугушууда бул тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргызстандын 2020-жылга чейинки стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө кеңири маектешти.

- Мындай маанилүү долбоордун негизинде жүзөгө ашып жаткан программалар шаарда биринчи жолу болуп жатат. Бүгүнкү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) Кыргызстандагы кеңсесинин «Саламаттыкты сактоо маселелериндеги башкаруу» программасынын жетекчилери келип, алар менен маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшүүбүз биз жана шаарыбыз үчүн абдан маанилүү. Бул программа Орто Азияда жалгыз гана Астана шаарында уюшулган. Ал эми алдыда булардын “Коопсуз шаар” программасынын негизинде бизде иш алып баруу жөнүндө талкуу жүрдү. Эгер мына ушул программалар жүзөгө ашып калса, шаар тургундарына бир топ жеңилдиктер болот. Мисалы, таза суу маселеси, ички жана сырткы мигранттардын ар кандай ооруларды ташып алып келиши боюнча көйгөйлөрдү чечүү жаатында активдүү иштер жүрөт. Эгер мына ушулардын баары ишке ашып калса, шаарыбыз жана шаардыктар үчүн абдан көп маселелер чечилип калат, - дейт. Т. Темирбаев.

Бул жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо жана коопсуз жашоо маданиятын калыптандыруу багытында дагы да чогуу аракеттерди жасоо зарылдыктары бар экенин белгилешти жана келечекте бул багыттарда чогуу аракет кыла тургандыктарын убадалашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13