KELECHEK
rek

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Токтогул районунда болду (ФОТО)

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Токтогул районунда болду (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-июлда, жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Өкмөт башчы Бишкек-Ош жолунун 133-чакырымындагы тилкенин абалын иликтеди. Жолду көрүп чыккан соң Премьер-министр Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Бишкек-Ош» автожолу мамлекеттик дирекциясынын ишин мурда аныкталган ремонт мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн катуу сынга алды. Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, «Бишкек-Ош» автожолунун башкы директору Изатбек Токтомамбетов өз милдеттерин аткарбагандыгы, өкмөттүн тапшырмасын жана ремонт ишинин графигин үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн кызматынан алынат.

Премьер-министр ошондой эле Токтогул шаарынын ички жолдорун рекнструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, Токтогул районундагы жаңы мектептин курулушун тездетүүнү жана Маданият үйүнүн ремонттоого каражат бөлүүнү  тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков Токтогул районундагы ирригациялык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Премьер-министр эскерткендей, Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын кабыл алуунун алкагында жакынкы 10 жылда үч этапта 46 суу чарба объектилери курулат. Анын жыйынтыгында 66,5 миң гектар жаңы сугат жерлери жана 51миң гектар жерди суугаруу иштерин уюштуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Жумушчу сапарыны алкагында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана спорттук зал куруу маселелери көтөрүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41