Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти жеңип алды
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо жана дзюдо түрүнөн эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка краганда, бул мелдешке Орто Азия мамлекеттеринен (Казакстан, Өзбекстан, Түркменистан, Тажикстан) жана Россиядан спортчулар, Кыргызстандан 34 балбан катышты. Алардын арасынан Жалал-Абад ОИИБнын алдындагы “Динамо” клубунан 10 спортчу жана машыктыруучулар барып келишти.
Жыйынтыгында, Жалал-Абад ОИИБнын тез чара көрүү атайын отрядынын күжүрмөн даярдык боюнча ага тескөөчүсү (СОБР кызматкери), милициянын капитаны Көкүмов Кубанычбек 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында күжүрмөн самбо түрүнөн 1-орунду багындырды. Ушул эле спорттун түрүнөн 74 кг салмактагылар арасында Жалал-Абад “ Динамо” спорт клубунан Орозбеков Кубатбек 3-орунду ээледи.
“Аталган эки жеңүүчүнү жана машыктыруучуларды Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков кабылдамасында кабыл алып, алардын багындырган ийгиликтери менен куттуктап, кийинки боло турган эл аралык мелдештерге даярдыктары тууралуу пикир алышты”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23