Акаевдин мурдагы күйөө баласы Тойгонбаевге байланыштуу сот өкүмү чыкты
Бишкектин Биринчи май райондук соту Адил Тойгонбаевге карата өкүмүн чыгарды. Сот аны Кылмыш - жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан абакка кести. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” ырастады.
- Адил Тойгонбаев Кылмыш - жаза кодексинин бир нече беренелери менен күнөөлүү деп табылган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексиинин 59-беренесинини ( бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө беренеси) негизинде 20 жылга эркинен ажыратылсын, мүлкү конфискациялансын жана 200 эсептик көрсөткүчтө айып төлөнсүн, жаза өтөө мөөнөтүн абактын күчөтүлгөн режиминде өтөсүн деген өкүмү чыкты. Ошондой эле Тойгонбаевди эл аралык “Манас” аэропортуна 677 млн 291 миң сомдон ашуун сумма төлөп берсин деген чечим чыккан.
Казакстандын жараны, 50 жаштагы Адил Тойгонбаев экс-президент Аскар Акаевдин тун кызы Берметтин мурдагы күйөөсү. 2005-жылдын март окуясынан кийин Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган деген да күнөөлөр тагылган. 2016-жылы аны Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол Дубайда кармалып, кийин күрөөгө бошотулган. Эки жыл мурун Москванын аэропортунда кармалып, бирок Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









