Сузактын Барпы айыл аймагында жайгашкан №27 булакты басып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду (ФОТО)
Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында жайгашкан №27 минерал суусу чыккан булакты Казыбек Ташиев баш болгон тургундар 12-июлда эртең менен барып басып алышкан. Бул боюнча КЖКнин 353-беренеси менен (“Өзүм билемдик”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
“Келечек” жабык акционердик коомуна караган ПЭТ “Бурулсун” ишканасынын коопсуздук боюнча жетекчиси Самаган Чомоновдун берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-июль күнү саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Казыбек Ташиев Барпы айыл өкмөт башчысы Абдисатар Сыргабаев менен келишим түзүп, №27 минерал суусу чыккан булакты “өзүнө өткөрүп алдык” деп келишип, ал жерди өз алдынча басып алышкан.
“Мына 12-июлдан бери 280 адам иштеген “Бурулсун” ишканасынын иши токтоп турат. Барпы айыл өкмөтү каражат сарптап Жогорку сотко барып, бак турган жерди утуп алышыптыр. Негизи ал жерде 3 участок бар. Биринчиси 3,5 гектар жерге башында жумушчулар барып бак тигишкен. Азыр ал жер бак болуп калган. Ошол жерди айыл өкмөт утуп алыптыр. Ал эми экинчи жери 80 сотых жер, ал жерде №27 минерал суусу чыга турган скважина бар. Үчүнчүсү болсо, 1 сотых жерге кароол кана катары үй салынган. Минерал суусу чыккан жердин атайын кызыл китеби бар. Мамлекеттик каттоодон өтүп, ал жер “Келечек” ЖАКга карайт. Булар бак турган жерди булак турган жер деп алмаштырып алышыптыр. Мына 8 күндөн бери заводдо иш токтоп калды. Бул боюнча укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийликке кайрылганбыз. Азырынча жооп жок”, - дейт С.Чомонов.
Биз аталган ишканага барган учурда жумушчулар өздөрүнүн нааразычылыктарын билдиришип, өз алдынча К.Ташиев тарабынан басып алуу фактысы боюнча укук коргоо органдары тез арада чара көрүшсө жакшы болот эле деген ойлорун билдиришти. Алардын айтымында, ишкана жайкы сезон учурунда 2 ай гана жакшы иштеп калууга аракет жасашат. Мына ушундай кызуу иш жүрүп жаткан учурда №27 минерал суусу чыккан булакты басып алуу ишти үзгүлтүккө учуратууда.
Сузак райондук ИИБү тарабынан бул факты боюнча КЖКнын 353-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн купуялуулугу үчүн толук маалымат берилбей тургандыгын билдиришти. Ал эми Сузак районунун акими Абдимуктар Маматов бул факты боюнча эч кандай маалыматы жок экендигин айтса, Барпы айыл аймагынын башчысы Абдисатар Сыргабаев жыйналышта болгондуктан, жооп бере албай тургандыгын телефон аркылуу билдирди.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41