KELECHEK
rek

ГЭС боюнча милдеттенмелерин чех компаниясы аткарбаса, Кыргызстан келишимди бузат

ГЭС боюнча милдеттенмелерин чех компаниясы аткарбаса, Кыргызстан келишимди бузат

Кыргызстанда ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясына байланыштуу талаштуу жагдайга Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев "Азаттыкка" комментарий берип, тынчсызданууга негиз жоктугун билдирди. Анын айтымында, Liglass Trading CZ компаниясы менен макулдашуу түзүлөөрдө алар 1 миллион 200 миң доллар кепилдик акы төлөшкөн.

- Булар 30 жумушчу күн ичинде Орусияга болгон 37 миллион карызыбызды жабышы керек. Азырынча бир бүтүм чыгарууга эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер алар милдетти аткарбаса, 30 жумушчу күндөн соң макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарып, башка тендер өткөрөбүз, - деген Зилалиев аталган компания менен түзүлгөн келишим боюнча документтердин баарын журналисттерге көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Буга чейин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялаган.

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания курмай болгон. Ал тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ. SRO компаниясынын өкүлдөрү кол койгон.

Ал тапта Кыргызстанда ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясы менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген катты кыргызстандык "24.kg" маалымат агенттиги жарыялады. 17-июлда чыккан үч беттик кат Кыргызстандын Австрия менен Чехиядагы элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин чехиялык Liglass Trading CZ компаниясын изилдегенден кийин Экономика министрлигине жана Улуттук энергохолдингге жиберген жообу болгон. 2017-жылдын 10-мартында жазылган ал катка ТИМдин ошол кездеги орун басары Азамат Үсөнов кол коюп, "Өтө маанилүү!" деп белгиленген.

ГЭСти куруу боюнча алгач Орусия менен макулдашып, жарым-жартылай иш аткарылган кезде токтотулган. Орусия тарап аткарган иштер үчүн 37 миллион доллар төлөп берүү талабын койгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38