KELECHEK
rek

Тажикстанда Карим Ага Хандын «такка отургандыгынын» мааракеси белгиленди

Тажикстанда Карим Ага Хандын «такка отургандыгынын» мааракеси белгиленди

Дүйшөмбүдө исмаилиттер коомунун имамы жана руханий лидери, канзада Карим Ага Хандын тактыга отургандыгынын 60 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өттү. Ал 1957-жылы 11-июлда Ага Хана III каза болгондон кийин Исмаилиттердин башчысы титулун алып, Ага Хан IV болуп калган.

Мааракеге карата уюштурулган иш-чарага Карим Ага Хандын миңдеген тарапташтары катышты. Дүйшөмбүдөгү Исмаилиттердин борборуна чогулган адамдар бири-бирин маараке менен куттукташты.

Маалыматтарга караганда, Карим Ага Хандын бадахшандыктар менен мамилеси өзгөчө бекем. Алар имамдын айткандарын мыйзам катары кабыл алышып, эмгектерин окуп, ар бири үйүнө анын сүрөттөрүн илип алышкан.

Тажикстандагы Ага Хан корунун башчысы Ёдгор Файзов өлкөдөгү жарандык согуш маалында уюм Тоолуу Бадахшан автономдуу облусун бекер азык-түлүк менен камсыз кылганын белгиледи. Исмаилиттердин руханий лидери алгачкы сапары менен Тажикстанга 1995-жылдын 25-майында, согуш күчөп турган маалда келген.

«Андан бери Бадахшандын жашоочулары жыл сайын 25-майды «Рузи нур» («Нур күнү») катары белгилеп келишет. Алар канзааданын жарандык согуш маалындагы алгачкы сапары эл арасында тынч жашоого болгон үмүт отун жандырып, жүздөгөн кишини ачкалыктан куткарып калганын айтып жүрүшөт», деди Ёдгор Файзов.

Ханзада Карим Ага Хан IV 1936-жылы 13-декабрда Женевада туулуп, 1959-жылы Ислам тарыхы кесиби боюнча АКШдагы Гарвард университетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1957-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II ага «Улуу урматтуу» титулун ыйгарган. 1967-жылы болсо Ага Хан корун туптөгөн. Ал көптөгөн кайрымдуулук долбоорлордун түзүүчүсү жана демөөрчүсү болуп эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13