KELECHEK
rek

Өзбекстан «чыгуу визасынын» мөөнөтү аяктаган алыскы өлкөлөрдөгү жарандарын жазалабайт

Өзбекстан «чыгуу визасынын» мөөнөтү аяктаган алыскы өлкөлөрдөгү жарандарын жазалабайт

Алыскы өлкөлөрдө жүргөн жана башка мамлекеттерге чыгуу визасыз барган Өзбекстандын жарандары жазадан бошотулат. Өзбекстандын Германиядагы консулу Азим Озотовдун айтымында, бул тартип КМШ өлкөлөрүндө жүргөн өзбекстандыктарга тийиштүү болбойт, алар мурдагыдай эле визанын мөөнөтү аяктагандан кийин Өзбекстанга кайтып барышы керек болот.

Буга чейин башка өлкөлөрдө жүргөн өзбекстандыктардын мөөнөтү аяктаган чыгуу визасы менен үчүнчү мамлекеттерге баруусуна тыюу салынып келген. Алар кайрадан Өзбекстанга кайтып келип, эки жылдык мөөнөткө жаңы виза алууга мажбур болушкан. Мыйзамга ылайык, бул эрежени бузган жарандар эки жүздөн төрт жүзгө чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндөгү айыппул менен жазаланып келишкен. Алар тараптан эреже бузуу дагы кайталанса, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө камалган.

Өзбекстандын Виза жана каттоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2014-жылы чыгуу визасын алуу тартиптерин бузган жарандар үчүн жаза киргизилгенден кийин, өлкөдө бул боюнча соттолгон жарандардын саны өсүп кеткен.

– Мындай көрүнүштөрдү эске алып, 2016-жылдын майында күч түзүмдөрү өкмөттүн 1995-жылкы токтомуна өзгөртүүлөдү сунушташкан. Эми алыскы өлкөлөрдө жүргөн жарандардын визасынын мөөнөтү аяктаса, алар үчүнчү өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз бара алышат. Алар Өзбекстанга кайтып келгенде эч кандай жазага тартылышпайт, – деди өлкөнүн Виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери.

Өзбекстан – өз жарандарына өлкөдөн чыгуу визасын берүү тартибин сактап калган мурдагы Советтер Союзунун курамындагы жалгыз өлкө. Документ ички иштер органдары тарабынан эки жылдык мөөнөткө берилет. Анын баасы 30 долларга жакын.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53