Түркмөнстан мамлекеттик телеканалдарын каржылоону токтотот
Түркмөнстандын Теле, радио берүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин теле жана радио программаларын өлкө бюджетинен каржылоо токтотулат.
7-июлда өлкө президенти кол койгон жарлыкка ылайык, аталган комитетти чарбалык эсепке өткөрүү чечими тармакты мындан ары өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Мамлекет тарабынан теле жана радиоберүүлөрдү каржылоону токтотуу 2018-жылдан башталып, 4 жылдын ичинде толугу менен аяктайт.
Мамлекеттик комитетке өлкөнүн министрлер кабинети менен макулдашып, телерадиоканалдарда белгилүү бир жарнамалык кызматтарды аткаруу менен өз чыгымдарын чарбалык эсептен түшкөн киреше менен жабууга уруксат берилгени кабарланууда.
Учурда Түркмөнстанда иштеп жаткан 7 телеканалдын ("Алтын Асыр", "Яшлык", "Мирас", "Туркменистан", "Ашхабад", "Туркмен овазы", "Туркменистан спорт") жана 4 радиоканалдын ("Чар тарапдан", "Мирас", «Оваз», "Ватан") бардыгы тең мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп, толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат.
Буга чейин өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарынын берүүлөрү бир канча жолу президенттин сынына кабылып келген. Гурбангулы Бердымухамедов аларды сындап жатып ата мекендик телеберүүнүн өнүгүү темптерине ыраазы эмес экенин айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13