ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫН ӨНДҮРҮҮ АРТТЫ
Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү жаатында быйылкы жарым жылда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 204 миллион 564,4 миң сомдук өсүү байкалды. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.
Анын айтымында, шаарда быйылкы жарым жыл ичинде 1 миллиард 565 миллион 894 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Ал эми өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 1 миллиард 361 миллион 329 миң сомдук көлөмдө өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн эле. Ошентип, өсүү темпи 115 пайызды түздү.
-Ошентсе да бизде бир катар өнөр жай ишканалары өндүргөн даяр продукцияларды сатып өткөрүү жагынан көйгөйлөр бар. Ошондуктан, учурда өнөр жай ишканаларыбыз сатуу рыногун кеңейтүү, сырткы өнөктөштөр менен иштешүү жагынан аракеттерди көрүп жатышат, - дейт С. Умаров.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаары жалпы потенциялык жагынан өлкөдөгү үчүнчү шаар эсептелет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38