Бир катар мекемени тоногон куралдуу топ кармалды
ИИМдин кылмыш иликтөө жана тергөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери көптөн бери мекемелерди курал менен тоноп жүргөн топту колго түшүрдү.
ИИМдин маалымат катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдиргендей, кылмыштуу топ Бишкектеги “Цзи Сянь” ресторанын, “Альфа-Секьюрити” күзөт агенттигин, борбордогу лифт оңдоочу ишкананы жана дагы бир инженердик ишкананы тоноп жалпы суммасы 800 миң сомдон ашык акчасын алып кетишкен. Мындан башка бул кылмыштуу топ күзөт кызматында уурулук жасаганда 20га чукул ок атуучу куралды алып кетишкен.
Милициядан билдишкендей, ыкчам тергөө иштеринин артында кылмыштуу топтун беш мүчөсү аныкталып, анын бири Орусияда кармалса, үчөө Кыргызстанда колго түштү. Дагы бир топтун негизги уюштуруучусуна эл аралык издөө жарыяланды.
Учурда тергөө иштери жүрүп, уурдалып кеткен ок атуучу курал-жарактар табыла баштады. Кармалгандар соттун чечими менен камакка алынды.
Ушул жылдын 6-февралында Бишкектеги «Цзи Сян» кытай кафесинен каракчылар 100 миң сом алып кетишкен. Бет кап кийген, куралчан төрт адам кафеге кирип барып ок чыгарган. Окуя учурунда кафедеги кардарлардан эч ким жабыркаган эмес.
Ал эми 1-майда «Альфа-секьюрити» күзөт агенттигинин курал кампасынан "Сайга" үлгүсүндөгү 9 карабин мылтыкты, 10 "Макарыч" тапанчасын белгисиз кишилер уурдап кетишкен. Ыкчам-тергөө тобу кампага барганда куралдардын жоголгону жана аны алгандар терезе аркылуу киргени аныкталган. Алар ок-дарыга тийген эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56