KELECHEK
rek

Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районундагы бир үй-бүлөдөгү 4 майыптан кабар алды (ФОТО)

Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районундагы бир  үй-бүлөдөгү 4 майыптан кабар алды (ФОТО)

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылындагы бир үйдө төрт майып жашаган Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жеңишбек Хидиров 37 жашта, эки буту иштебей калган. Ал эми 60 жаштан ашкан апасы Сурмакан Хатамова белинен чыккан шишиктен улам ордунан туруп баса албайт. Жеңишбектин бир тууганы Айгерим жана жалгыз кызы дагы майып, 2 уулу бар. Бул үй-бүлөдөгү бардык мүшкүл Жеңишбектин аялы Ширин Адановага жүктөлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев бул үй-бүлөдөн кабар алуу менен бирге өзүнүн резервдик фондунан 30 миң сом акчалай жардам берди. Учурда бул үй-бүлөгө Сузак районундагы Жумакан Жаркулова жетектеген «Асылай» ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коому, Бишкектеги Азамат Байматов жетектеген «Кайрымдуу бол" кайрымдуулук фонду  жана чет элде иштеп жатышкан мигрант жердештерибиз Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнө 5 бөлмөлүү турак жайды куруп жатышат. Бул жаңы үй эки айдын аралыгында бүткөрүлүп, тапшырууга берилет. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев турак-жайды курууда жардам керек болсо көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин Октябрь айылындагы майыптардын үй-бүлөсүнөн кабар алуусунда Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Багыш айыл аймагынын башчысы Райымбек Мырзабеков бирге болушту.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41