KELECHEK
rek

Базар-Коргондо жол тосууга аракет жасашкан Текебаевдин 5 тарапташына сот тарабынан 3 миң сомдон айып пул салынды (ФОТО)

Базар-Коргондо жол тосууга аракет жасашкан Текебаевдин 5 тарапташына сот тарабынан 3 миң сомдон айып пул салынды (ФОТО)

7-июль күнү, күндүзгү саат 14:00дөр чамасында "Бишкек-Ош" автожолунун четиндеги Базар-Коргон районунун Акман айылындагы “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Ө. Текебаевтин тарапташтары тарабынан тигилген 2 боз үйдүн жанына чогулушуп, митинг өткөрүлгөн.

Бул митингге катышкан 25ке жакын жарандар ошол учурда чагылдыруу үчүн келип калган ЖМК(СМИ) өкүлүнө көрүнүү максатында "Бишкек-Ош" автожолуна чыгышып, жол тосуу аракетин жасашкан. Бирок ошол жерде коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти камсыздап турган Базар-Коргон РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жол тосуу аракеттерине бөгөт коюлуп, жолдун тосулушуна жол беришкен эмес.  

 

Ошол эле учурда ал атуулдар кайрадан митинг өткөрүлүп жаткан жерге чогулуп, саат 16:30тар чамаларында Акман айыл аймагынын жол четине тигилген 2 боз үйдү Ө. Текебаевдин туугандары жана колдоочулары тарабынан бузулуп алынып, тарап кетишкен.

"Бишкек-Ош" автожолун тосууга аракет жасашкан 5 жаран Базар-Коргон РИИБнө алынып келинип, КР АЖКнин 231-1 беренесинин негизинде административдик протоколдор түзүлүп, чечим кабыл алуу үчүн Базар-Коргон райондук сотуна жөнөтүлгөн. Базар-Коргон райондук соту тарабынан аталган 5 жаранга ар бирине Кыргыз Республикасынын Администрадивдик кодексине ылайык, 3000 сомдон айып салынды.

Учурда Базар-Коргон районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу.

М.Турдубеков, Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41