Жалал-Абадда юристтердин кесиптик майрамы белгиленди (ФОТО)
7-июлда Жалал-Абадда юристтердин кесиптик майрамы жана КРнын юстиция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Майрамдык салтанаттуу жыйынга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад облусттук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик жана жеке нотариустар менен авдвокаттар жана облусттук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
- Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү жана Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. Юстиция башкармалыгына мамлекеттик түрдүү органдарга, жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук жана мыйзамдык жактан жардам берүүдө өлкөнүн аткаруу бийлик органдарына маанилүү координациялык иштерди алып баруу милдети жүктөлгөн. Юстиция башкармалыгы ар кандай сферадагы кызматкерлердин башын бириктирип турат.
Булар адвокаттар, нотариустар, соттор жана прокурорлор, бир сөз менен айтканда өзүнүн кесиптик жолунда юстицияны тандап алгандар. Бүгүнкү жашообузду укук таануучуларсыз элестетүү дегеле мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, юристтер адилеттүүлүк идеяларын жана мыйзамдардын так сакталышын иш жүзүнө ашырат. Баш мыйзамыбыз болгон Конститутциянын негиздеринин кынтыксыз жана бурмаланбай иштөөсүн камсыз кылат. Карапайым адамдардын укугун жана эркиндигин, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана кызыкчылыгын ар тараптан коргойт. Дасыккан юрист гана ар кандай структурада мыйзамдардын бардык ченемдик актыларын сактоо менен натыйжалуу ишти камсыз кыла алат.
Юрист болуу – чоң сыймык жана ошону менен бирге зор жоопкерчилик. Сиздердин кесипке өзгөчө моралдык, этикалык жана укуктук чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Облусубуздун юристтери өз милдеттерин ар дайым ар-намыстуулук менен аткарып келишүүдө. Атуулдарыбыздын мыйзамдык жана укуктук кызыкчылыктарын абийирдүүлүк менен коргойт. Эң башкысы кыргыз мамлекеттүүлүгүн ар тараптан чыңдоого өздөрүнүн татыктуу салымдарын кошооруна терең ишенемин. Ушул майрам күнү облусубуздун аймагында татыктуу эмгектенип жатышкан бардык юристтерге бекем ден соолук, жооптуу жана ардактуу иштерине чын дилимден ийгилик каалап кетемин. Кесиптик майрамыңыздар куттуу болсун!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев юстиция тармагында үзүрлүү иштеп келе жатышкан бир катар кызматкерлерге Ардак Грамоталар менен Алкыштарды тапшырды. Юстиция тармагынын кызматкерлерин Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров, облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов, улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев, облустук ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Марат Хажиматов куттукташты.
Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башчысы Бакыт Жайлообаев юстиция тармагынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталар менен Алкыштарды тапшырды
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18