KELECHEK
rek

Путин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун колдоду

Путин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун колдоду

Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн аймагында Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун расмий колдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Мындай идея Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети тарабынан сунушталып, 5-июлда парламент тиешелүү кайрылууну президентке жөнөткөн. Анда Кыргызстандан барып айдоочу болуп иштегендерге Беларустун айдоочуларына берилгендей укук берүү сунушталган. Эгер бул сунуш кабыл алынса, анда кыргызстандыктар Орусияда (орус тилинде) сынактарды тапшырбастан эле мекенинде алган документтер менен айдоочу болуп иштөө укугуна ээ болушат.

Быйыл 1-июндан тарта «орус тилин тийиштүү деңгээлде билишпейт» деген жүйө менен кыргызстандыктардын Орусияда ал өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүсүз жүк унааларды, автобустарды жана таксилерди айдоосуна тыюу салынган.

Песковдун айтымында, Орусия лидери Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ экенин эске алып, бул сунушту колдоду.

2015-жылы августта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп, өлкө жарандарына Орусияда иштөө үчүн уруксат кагаздары талап кылынбай калган. Антсе да Орусиянын айрым аймактарында Кыргызстандан барган мигранттардын орусиялык айдоочулук күбөлүктөрү менен да айдоочу болуп иштөөсүнө тыюу салынып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53