KELECHEK
rek

Чаткалда жергиликтүү эл алтын казгандардын техникасын токтотту

Чаткалда жергиликтүү эл алтын казгандардын техникасын токтотту

Чаткалдын Чандалаш айылынын 30дай тургуну айылга жакын жерде кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Консалидит Аврум” компаниясына тиешелүү техниканын ишин токтотуп салышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жергиликтүү тургун Шербет Өскөнбаева билдирди.

- 40 түтүн эл жашаган айылга жакын жердеги дарыянын нугун буруп, токой аянттарын талкалап жатканын көрүп карап тура алган жокпуз. Дарыянын суусу айылды каптаса эмне болот? Ошол себептүү нааразылыгыбызды билдирип, техниканын иштөөсүнө каршылык көрсөттүк, - деди Өскөнбаева.

Чогулгандар менен Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев жолугушуп, алардын талаптарын укту.

Накетаевдин билдирүүсүндө, Геология жана минералдык ресурстар мекемесинен лицензия алган компаниянын жери бир аз токой аянттарын камтып калган, алар суунун нугуп бурууга аракет көрүп жаткан.

Компания өкүлдөрү менен өткөн жолугушуунун натыйжасында маселенин баары чечилгени, алар башка жактан казуу иштерин жүргүзмөй болгону айтылды.

“Консалидит Аврум” компаниясы былтыркы жылы 28,5 гектар жерге лицензия алып, казуу иштерин быйыл жаз айларында баштаган.

Чаткал районунун аймагында алтын казууга учурда 101 лицензия берилген болсо, алардын ичинен 8 компания гана иштеп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41