Бозгундагы тажик полковнигинин иниси Орусиядан мекенине экстрадицияланды
Тажикстандын бийлиги ИИМдин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовду тажик жаштарын Сирияга азгырууга айыптоодо.
Майда орусиялык маалымат каражаттары Адыгейде Ф. Халимов аттуу киши кармалып, ага карата адамдарды террордук уюмдардын катарына азгыруу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Федералдык миграция кызматынын Адыгейдеги башкармалыгынан Халимовдун туугандары мечитке барган адамдарды азгырып, Сириядагы согушта ИМ тобу тарапта согушууга жөнөтүп тургандыктарын айтышкан.
Колго түшүрүү маалында Халимовдун уюлдук телефонунда пропагандалык материалдар табылган. Тажикстандагы Варзоб районунун укук коргоо органдарындагы булак Халимовдун иниси мекенине бир жума мурда экстрадицияланганын билдирди. Айтымында, ал бозгундагы полковниктин алты бир тууганынын биринин уулу.
Маалыматка караганда, экстрадиция Тажикстандын өтүнүчү менен ишке ашырылган. «Ушул жылдын апрелинде Гулмурод Халимовдун уулу кармалгандан кийин аны ИМ тобунун катарына Ф.Халимовдун азгырганы аныкталган. Андан сырткары аны менен бозгундагы полковниктин башка тарапташтары да байланышып турушкан», - деди булак.
Тажикстанда Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гулмуроддун иши сотко өткөн.
Полковник Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда экенин билдирген. Видеокайрылуусунда ал тажик ИИМи анын диний эркиндигин чектеп, намаз окууга уруксат бербегендиктен улам "Ислам мамлекетине" кошулуп кеткенин айткан. Халимов тажик бийлиги тарабынан мекенге чыккынчылык кылууга айыпталууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









