KELECHEK
rek

Ташкенттин имамы алтын сааты жөнүндөгү ушактарды четке какты

Ташкенттин имамы алтын сааты жөнүндөгү ушактарды четке какты

Ташкенттин башкы имам-хатиби Анвар-кори Турсунов алтын саат тагынбай турганын билдирди. Анын Эл аралык пресс-клубда тартылган сүрөтүндө байкалган сааты социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларды жараткан. Айрым колдонуучулар имамдын 20 миң АКШ долларына бааланган саатты тагынып жүрүшү туурабы деген суроолорду да узата башташкан.

Имамдын айтымында, Орозо айт майрамынын алдында анын кол сааты бузулуп калып, ага тааныштарынын бири өз саатын белек кылган. «Мен андан сааты канча сом экенин сураганымда, ал Бириккен Араб Эмирлигинен 200 долларга сатып алганын айткан. Азыр болсо менин 20 миң долларлык саат тагына тургандыгым жөнүндө ушактар айтылып жатат. Адамды минтип каралоо болбойт да! Алгач алар мени менен байланышып, сааттын баасын тактап алышы керек болчу. Мен өмүрүмдө бир дагы жолу алтын саат тагынып көргөн эмесмин», - деди имам.

Андан тышкары Турсунов өтө бай жашай тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар боюнча да түшүндүрмө берди.

– Мен атамдын үйүндө жашайм. Анчалык бай эмесмин. Үйгө келип баарын өз көзүңөр менен көрүп кетсеңер болот. Мен жеке үйдө жашайм, жер тилкесинин аянты 3 сотых. Жакында 60ка чыгам, өмүрүмдө бир дагы үй курганым жок. Менин беш балам бар, ошондой эле апамды багам. Эгер кимдир бирөө үчүн менин жашоом кызык болуп атса, үйгө келсин, – деди Анвар-кори Турсунов.

Айрым интернет колдонуучулар Ташкенттин башкы имамы BMW 6 үлгүсүндөгү унаа менен жүрө тургандыгын жазышкан. Бирок имам бул маалыматтарды да четке какты. Ал эски үлгүдөгү Chevrolet Captiva унаасын айдай турганын жана аны ишкер уулу сатып бергенин айтты.

59 жаштагы Анвар-кори Турсунов Өзбекстандагы эң көрүнүктүү диний ишмерлердин бири болуп эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...