Чехиянын Кыргызстандагы гидроэнергетика долбоору үзгүлтүккө учурашы мүмкүн
Кыргызстан өкмөтү Чехия менен чакан гидроэнергетика багытындагы кызматташтык келишимин кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул туурасында Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Уран Чекирбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз гидроэнергетикасына кызыкдар жаңы компаниялар пайда болду. Бирок алар кайсы компаниялар экендиги азырынча белгисиз.
Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү Чехия инвесторлору менен Киров, Орто-Токой, Папан жана Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу туурасында макулдашкан болчу.
Станциялардын жалпы кубаттуулугу 158 мегаватт. Долбоорлордун наркы 190 миллион долларды түзүп, жалданма эки компания иштемек. Бирок министрлер кабинети маселени кечеңдетсе, бул долбоор үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев пландардын өзгөрүшү Орусия тараптан болгон кысымдан улам болушу ыктымал экендигин айтты. Бирок, чиновниктер бул пикирди четке кагып, келишимге кол коюунун кармалышын формалдуу себептерге байланыштырууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38