Атамбаев Матвиенко менен жолукту
Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Федералдык жыйынынын Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды. Мамлекет башчы анын өлкөгө келишин «чыныгы достун сапары» деп атады.
Атамбаев Матвиенко башында турган Федерациялар Кеңеши Кыргызстанга бардык маселелер боюнча жардам берип келерин белгиледи. “Сиздин биздин кызыкчылыктарыбызды жактап, жардам берип жаткандыгыңызды билем. Сизге чоң рахмат!”, - деди Атамбаев.
Өз кезегинде Матвиенко Кыргызстанга болгон акыркы сапары тууралуу айтып берди.
“Акыркы жолу мен бул жакка 2014-жылы келгем, андан бери 3 жыл өтүп кетиптир. Бирок дагы деле ал жагымдуу сапар менин эсимде. Жогорку Кеңештин төрагасынын чакыруусу менен ишке ашкан бул сапарым КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына байланыштуу. Мен Ассамблеянын төрайымы катары Жогорку Кеңеш менен биргеликте КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештик балдары» аттуу эл аралык билим берүү жана маданий форумду уюштуруп жатам”, - деди ал.
Матвиенко КМШ өлкөлөрүндө жашаган балдардын мындай форумга чогулуусу өтө маанилүү экенин кошумчалады. "Муну менен биз бирдиктүү гуманитардык чөйрө түзүп жатабыз. Биздин муун сыяктуу алардын да КМШдагы бардык жолдоштору менен достошуусу өтө маанилүү”, - деди ал.
Өткөн жумада Бишкекке расмий сапары менен Орусия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин келип кеткен. Айрым эксперттер орусиялык аткаминерлердин келишин күзүндө өтө турган президенттик шайлоо менен байланыштырышууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









