Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районуна барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 28-майда, үстүбүздөгү жылдын 27-майында сел кырсыгы орун алган Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Алынган маалыматка караганда, райондогу абал, табийгат кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат берди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жабыркаган объекттерди кыдырып чыгып, жергиликтүү тургундар менн жолугушту. Өкмөт башчы жаратылыш кырсыгынын натыйжасында курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Ал белгилегендей, бардык тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан кырсык кесепеттерин кыска мөөнөттө жоюу боюнча активдүү иш жүрүүдө. Кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Резервдик фондунан материалдык көмөк көрсөтүлдү.
Окуя болгон жерге ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров, Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Акрам Мадумаровдор барган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05