KELECHEK
rek

Путин Федералдык күзөт кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейтти

Путин Федералдык күзөт кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейтти

Орусия президенти Владимир Путин Федералдык күзөт кызматынын (ФКК) ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду. Документ 1-июлдан тарта күчүнө кирди.

Эми ФКК өзгөчө кайтаруудагы адамдардын персоналдык маалыматтарын сактоо мүмкүнчүлүгүн алды. Мамлекеттик чиновниктердин жашаган жери жана кайда барары тууралуу кабарларды таратууга дагы тыюу салынды.

"Трансперенси Интернешнл – Орусия" антикоррупциялык борборунун талдоочуларынын пикиринде, мыйзам мамлекеттик жетекчилер тууралуу маалыматтардын таптакыр жоголуусуна алып келет.

Мамдумадагылар жаңы мыйзам мүлк жана киреше тууралуу маалыматтарды алууга жолтоо болбойт дешүүдө. Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Василий Пискарев кол салуулардын алдын алуу үчүн аткаминерлердин жашаган жана бара турган жери тууралуу гана маалыматтар сыр сакталарын айтты.

ФКК аэропортторду жана башка транспорттук аянтчаларды пайдаланууга укук алууда. Мындан тышкары кызмат протоколдук жолдордо жол кыймылдарын чектей алат.

Орусия президенти Федералдык күзөт кызматынын укуктарын кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоорун февралда сунуштаган. Мартта кызматка мамлекеттин керектөөлөрү үчүн жер тилкелерин алып коюуга мүмкүнчүлүк берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53