KELECHEK
rek

Араб өлкөлөрү Катарга берилген мөөнөттү 48 саатка узартты

Араб өлкөлөрү Катарга берилген мөөнөттү 48 саатка узартты

Сауд Арабиясы, Бириккен Араб эмириги, Египет жана Бахрейн өлкөлөрү Катардын коюлган шарттарды аткаруусу үчүн берилген мөөнөттү 48 саатка узартышты. Мындай чечим дүйшөмбүдө Доха менен төрт араб өлкөсүнүн ортосундагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылып жаткан Кувейттин өтүнүчү менен кабыл алынды. Мурдагы мөөнөт боюнча Катар коюлган талаптар боюнча 3-июлда жооп бериши керек болчу.

Бул өлкөлөр Катарды терроризмди колдоого айыптап, Доха менен бардык дипломатиялык жана экономикалык мамилелерин токтотушкан. Коюлган талаптар аткарылбаса Араб өлкөлөрү Катарга жаңы санкциялар киргизилерин эскертишкен.

Алардын арасында "Аль-Жазира" телеканалын жабуу жана Иран менен дипломатиялык кызматташтыкты токтотуу шарттары бар. Андан сырткары алар Доха өз аймагындагы түрк аскер базасын жаап, Анкара менен бул багытта кызматташуусун токтотушу керектигин билдиришүүдө. Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы бул жаңжалда Түркия Катарды колдоп чыккан. Каатчылык башталгандан бери ал өлкөдөгү түрк авиабазасына эки жолу кошумча күчтөр жана аскерий техника жеткирилди.

Катардын ТИМ башчысы араб өлкөлөрү талаптар аткарылбай тургандыгын билип атайын ушундай кадамга барганын билдирген. Доха өзүнө карата айтылып жаткан бардык айыптоолорду негизсиз деп эсептөөдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52