KELECHEK
rek

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагери Жоро Шералиев дүйнө салды

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагери Жоро Шералиев дүйнө салды

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагери, Ленин, Улуу Октябрь революциясы ордендеринин жана ондогон медалдардын ээси Жоро Шералиев атабыз 2017-жылдын 19 - июнунда 101 жашында дүйнө салды.

Ал Аксы районундагы Кызыл-Жар совхозунун түптөлүшүнө өзүнүн опол тоодой эмгеги менен чоң салымын кошкон, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагери, Ленин, Улуу Октябрь революциясы ордендери менен ондогон медалдардын ээси, бир эле үй-бүлөнүн гана ээси эмес, бүтүндөй бир элдин татыктуу уулу болгон  Жоро Шералиев атабыздын бул дүйнөдөн кайтышы баарыбыздын белибизди кайыштырып, орду толгус оор жоготуу болуп олтурат.

Жоро Шералиев 1916-жылы Лейлек районуна караштуу Булак-Башы айылында туулган. Жарык дүйнөгө көз жарган наристеге ата-энесинин аруу тилеги жана айыл аксакалдарынын ак батасы менен Жоро ысымын ыйгарышкан. Эмгек жолун 1936-жылы Жаңы-Жол районундагы Жаңы-Турмуш колхозунан баштаган. 1942-1944-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, душмандарды жеңүүгө жеке чоң салымын кошкон. Улуу Ата Мекендик согуштагы Москва жана Ленинград фронтторундагы кандуу салгылашууларга катышып, оң буту менен оң колунан оор жаракат алып, биринчи топтогу  согуш майыбы катары 1944-жылы өз айылына кайтып келген.

1950-1951-жылдары  Ленин районундагы  Бирлик колхозунда пахта бригадири болуп иштеген. Ал эми 1956-1957-жылдары Карл Маркс колхозунда, 1962-жылы жаңы уюштурулган Кызыл-Жар совхозунда пахта бригадири болуп дайындалып, 1978-жылга чейин талыкпай эмгектенген.

1972-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 1973-жылы 10-декабрда  СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Н. Подгорныйдын Указы менен Жоро Шералиевге Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наам ыйгарылып, Алтын Жылдыз медалы менен Ленин ордени тапшырылган. СССР Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган. 1996-жылы СССРдин маршалы Г. К. Жуков атындагы медаль менен сыйланган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишине 60 жылдык юбилейлик медалы жана кол сааты менен сыйланууга татыктуу болгон.

Жоро Шералиев атабыз өмүрлүк жубайы Айтбүбү энебиз менен биргеликте 9 уул-кызды, ондогон небере-чеберелерди тарбиялап өстүрүштү.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө опол тоодой  эмгегин сиңирген Жоро Шералиев атабыздын жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып кала бермекчи. Дүйнө салган Жоро Шералиев атабыздын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл  айтабыз.

К. Сатыбалдиев, М. Акматов, Ы. Ызабеков, И. Масабиров, Б. Юнусов, Б. Жайлообаев, А. Мамасыдыков, А. Мамасейитов, А. Шералиев, С. Качкынбаев, М. Мырзамамытов, А. Калбаев.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13