KELECHEK
rek

Казакстанда эки жашар кызды уурдаган бала багуучу 7 жылга соттолду

Казакстанда эки жашар кызды уурдаган бала багуучу 7 жылга соттолду

Казакстандын Темиртау шаардык соту эки жаштагы кызды уурдап кеткен жергиликтүү тургун Айнур Айдарбекке карата жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Маалыматка караганда, жергиликтүү жаш жубайлар Айнур Айдарбекти тааныгандыктан, анын үйдө жашап туруусуна макул болушкан. Алар жумушка кеткенде Айдарбек бала багуучу болуп жүргөн. Бирок бир күнү жубайлар жумуштан келип кызын таппай калып, дароо полицияга кайрылышкан. Кетип баратып Айнур үйгө кат калтырып кеткен. Анда кечирим сурап, окуя тууралуу полицияга кабарлабоону, кызды кайра алып келе турганын жазган.

Мурдагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Айнур Айдарбек 22 жашта. Ал «адам уурдоо» жана «башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Адвокат ага эркинен ажыратуудан башка жаза берүүнү өтүнгөн.

- Ал материалдык жана моралдык жактан оор абалда болгон. Үйдө жашап турууга уруксат сурап, бала багуучу болууга макул болгон. Аны күйөөсү көчөгө таштап кеткен. Ошондой эле ал өзү дагы эки жолу баласын жоготкон. Кыз аны бир нече жолу апа деп атап, алар бири-бирине көнүп калгандыктан ал өзүн кыздын апасындай сезгиси келген. Ал кызды уурдап баратам деп деле ойлогон эмес. Адам уурдаган киши кантип кат калтырып кетсин? Ал бул ишке анын кылмыш экенин ойлобостон барган, — деди адвокат.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Айнур Айдарбек кызды Астанага алып барып, жатаканадагы тааныштарыныкына таштап, өзү из жашырууга аракет кылган. Бирок ошол эле күнү кармалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53