KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өткөн коллегияда таза суу, маданият маселеси каралды (ФОТО)

Жалал-Абадда өткөн коллегияда таза суу, маданият маселеси каралды (ФОТО)

Бүгүн, 30-июнда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясынын олтурум жыйыны болуп, аны ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

Коллегиянын ишине райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, акимдер менен мэрлердин социалдык тармактарды тейлеген орун басарлары, облустук тармактардын жетекчилери жана маданият тармагынын кызматкерлери катышты.

Жыйында 3 маселе каралып талкууланды. Биринчиси, облустун аймагында калкты таза суу менен камсыздоо, турмуш тиричилик таштандыларын жайгаштыруу жана калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу. Экинчиси, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канжарбек Эшалиевдин жана айыл аймактарынын башчыларынын 2017-жылга карата кабыл алынган иш программасынын аткарылуусу. Үчүнчүсү, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын аткарылышынын абалы туурасында болду.

Коллегия олтурумунун жыйындагы биринчи маселе боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Үмөтбек Сатыбалдиев баяндама жасады.

- 2017-жылдын 1-июнуна карата облустагы 441 айылдын ичинен 297 айылында ичүүчү таза суу системалары иштеп жатат. Каклтын таза ичүүчү суу менен камсыз болуусу облуста 63,3 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч Аксы, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондорунда бир кыйла төмөн. Облустагы 441 калктуу конуштардын ичинен 201нин башкы пландары иштелип чыгылган эмес. Ал эми 240 конуштун башкы планы болгону менен анын ичинен 154 конуштун башкы пландарын корректировкалоо зарылдыгы жаралып олтурат. Жалал-Абад шаарында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жайды реаблитациялоо боюнча Европалык Реконструкциялоо Өнүктүрүү Банкына сметалык наркы 8 млн. еврону түзгөн долбоор даярдалып, 2014-жылы долбоордун презентациясы өткөрүлгөн. Долбоорго ылайык 8 млн. евронун 4 млн грант түрүндө, ал эми 4 млн. евро кредит түрүндө берилүүсү каралган. Жалал-Абад шаарындагы турмуш-тиричилик калдыктары жайгаштырылуучу жай 200 миң калкка эсептелгендиктен шаарга чектеш Сузак районунун Сузак, Ырыс, Таш-Булак, Барпы, Кызыл-Туу жана Атабеков айыл аймактарынын айылдары камтылган. Бул долбоорго Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кредитти кайтарууда Сузак районунун айыл аймактары төлөбөй коюп, шаарга кыйынчылык жаралат дешип, ал долбоордон баш тартышкан. Учурда болсо Жалал-Абад шаардык кеңешинде уюштуруу иштери чечилбей жаткандыктан маселени кароо кечеңдөөдө, - деди баяндамачы Ү.Сатыбалдиев.

Коллегия олтурумунун жыйынындагы экинчи маселе боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Уларбек Ботокараев баяндама жасады.

- Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канжарбек Эшалиев 2017-жылга карата 31 пункттан турган иш чара кабыл алган. Анын ичинен январь-май айларында 9 пункту аткарылып, жалпы иш чаранын аткарылышы 29 пайызды түзгөн. Ал эми 16сы аткарылуунун алдында болуп, 51,6 пайызды түзөт. Ал эми белгиленген иш-чаранын 6 пункту аткарылбагандыгы аныкталып, ал 19,4 пайызды түзгөн. Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевдин иш-планындагы иш-чаралардын көпчүлүгүнүн мөөнөтү жыл ичинде аткарылат деп гана көрсөтүлүп, бирок кайсыл айда аткарылышы жана алардын финансылык булактары так көрсөтүлгөн эмес. Чаткал районунун айыл аймактарынын башчыларынын иш-пландарында дагы бир катар так эместиктер орун алган, - деди У.Ботокараев.

Коллегия олтурумунун жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын турмушка ашыруунун абалы туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын баяндамасы угулду. Баяндамада кеңири белгиленип кеткендей, быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылын” талаптагыдай өткөрүүдө саамалыктуу бир катар иш-чаралар белгиленип, кетирилип жаткан кемчилдиктер жагдайы дагы кенен айтылып кетти.

Акырында, коллегия олтурумунун жыйынында каралып талкууланган маселелер боюнча токтомдун долбоору кабыл алынды. Ага ылайык Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге эскертүү, Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Козубай Керимбековго сөгүш жарыяланды. Мындан сырткары,  райондордун акимдерине бир катар маданият үйлөрү менен китепканалардын башчыларынын кызматтык жана  тартиптик жоопкерчиликтерин кароо тапшырмасы берилди.

 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу.

     

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13