Жалал-Абадда балдардын жайкы эс алуусу талкууланды
Жалал-Абадда 2017-жылга карата балдардын жайкы эс алуусун талаптагыдай уюштуруп өткөрүү маселесин талкуулаган жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Жыйынга Жалал-Абад облустук профсоюздар кеңешинин төрагасы Закир Жусмаматов, тармактык профсоюздар комитетинин төрагалары жана балдардын жайкы эс алуу борборлорунун жетекчилери катышты. Жыйындын ишин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.
- Быйылкы жылга карата балдардын жайкы эс алуусун талаптагыдай өткөрүү боюнча 17 лагер иш алып барышмакчы. Мунун ичинен 13 ведомстволук жана 4 жеке ишкерлер тарабынан уюштурулган лагерлер иштейт. Майлуу-Суу шаарындагы “Горный” балдар лагерин көчкү басып калгандыгына байланыштуу быйыл иштебейт. Жалал-Абад облустук профсоюздар кеңеши тарабынан 22-июнга карата 8 млн. 31 355 сомдук 11 балдар лагерлерине жолдомолор бөлүштүрүлүп, биринчи агымда 970 баланын эс алуусу күтүлүүдө. Учурда Кара-Алма токой чарбасындагы “Алтын балалык” балдар лагери өз ишин баштаган болсо, калган лагерлер 29-июндан жана 4- июлдан өз иштерин баштайт,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Эрнис Бөрүбаев.
- Жалал-Абад облусу боюнча быйылкы жылы 3000ге жакын бала профсоюздар тарабынан акысыз жолдомолор менен камсыз болушат. Мунун ичинде социалдык колдоого муктаж болушкан балдар дагы бар. Жалпысынан быйылкы жайкы эс алууга облустук профсоюздар кеңеши тарабынан 9 млн. 813 756 сом акча каражаты ажыратылган,- деди Жалал-Абад облустук профсоюздар кеңешинин төрагасынын орун басары Барно Исмаилова.
Жалал-Абад облустук профсоюздар кеңешинин төрагасы Закир Жусмаматов лагерлердин жетекчилеринен балдардын тамак-ашын талаптагыдай даярдоо, окуучулардын коопсуздугун катуу сактоо жана балдардын тамак-аштан уулануусунан өзгөчө этият болуу маселесине алардын көңүлдөрүн буруп кетти.
Быйылкы жылы алыскы Чаткал районунда биринчи жолу “Чаткал жеткинчектери” деген лагерь ачылып, анда 50 баланы эс алдыруу максаты белгиленип жатат. Чаткалдагы лагерь өз ишин 4-июлда баштамакчы.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков облустук профсоюздар кеңеши, тармактык профсоюздар менен балдардын жайкы эс алуу борборлорунун жетекчилеринен балдардын жайкы эс алууларын өз деңгээлинде талаптагыдай уюштурууга жеткиликтүү көңүл буруу зарылдыгын дагы бир жолу алардын эсине салды. Жалал-Абад облусунда быйылкы жылы 9 жайлоо бала бакчасын ачуу максат кылынган болсо, Аксы районундагы Чер жайлоосундагы “Чер” жайлоо бала бакчасында 15-июндан тартып 30 бала эс алууда. Калган 8 жайлоо бала бакчалары июль айынан өз иштерин башташат.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30