Жалал-Абадда депутаттардын көпчүлүк коалициясы жалпы депутаттарды биримдикке чакырды
Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңыдан шайланып келген депутаттардын “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын шаар жана шаардыктардын тагдырын тезирээк оң чечүү максатында биримдикке чакырып, кайрылуу жасады. Алар 29-июнь күнү биринчи сессияга чогулуп, шаардын эң зарыл маселелерин чечип берүү зарылдыгын белгилешти.
Шаардык кеңештеги КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика-Ата-Журт” партияларынан шайланган депутаттардан түзүлгөн “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясынын лидери Сайдулла Чимбердиевдин айтымында, буга чейин эле шаардык кеңештин жаңы 8-чакырылышынын биринчи сессиясын өткөрүү аракети болду, бирок сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын келбей койгондуктан кворум жетишпей, биринчи сессия өтпөй калган.
Ошондуктан, депутаттардын “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы учурда шаарда жаралган саясий кырдаалды мындан ары курчутпоо максатында азчылыкта калган “Ата-Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын депутаттарын 29-июнь күнү өткөрүлүүчү шаардык кеңештин биринчи сессиясына катышууга дагы бир ирет чакырууга мажбур болушууда.
- Мыйзамга ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин эки жумадан кем эмес убакыт ичинде биринчи сессия өткөрүлүшү керек. Убакыт өтүп баратат, айрым партиялар жалпы ишке тоскоолдук жаратышууда. Шаарды өнүктүрүү максатында пландалган жумуштарды мындан ары кечиктирбей аткаруу үчүн тез арада шаардын бюджетин бекитүү маселеси турат, – дейт С.Чимбердиев.
Эскерте кетсек, шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосу 2016-жылы 11-декабрда өткөн. Анда шаардык кеңешке КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Республика”, “Ата-Журт” партияларынан депутаттар келишкен. Бирок, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын демилгеси менен депутаттар көп өтпөй таркап кетишкен. Кийинки шайлоо 28-майда өтүп, шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика-Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” партияларынын депутаттары келишкен. Биринчи сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары келбей коюп, азырга чейин төрага, мэр шайлана элек жана шаар бюджети бекитилбей турат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13