KELECHEK
rek

“Сессияга келбеген депутаттарды шайлоочулар кайрадан чакыртып алышы керек”, - Жалал-Абаддын аксакалдары (ФОТО)

“Сессияга келбеген депутаттарды шайлоочулар кайрадан чакыртып алышы керек”, - Жалал-Абаддын аксакалдары (ФОТО)

Бүгүн, 27-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын аксакалдары маалымат жыйын өткөрүшүп, шаардык кеңештин депутаттарын бир пикирге келүү менен ишти эртерээк баштоого чакырып, сессияны үзгүлтүккө учуратып жаткан депутаттарды шайлоочулар кайрадан чакыртып алуусу керектигин баса белгилешти.

Маалымат жыйынга Жалал-Абад шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиев, шаардагы “Достук” аймактык башкаруусунун аксакалдар сотунун төрагасы Алимжан Божуев, шаардын ардактуу тургуну Шермамат Осмонов, “Спутник” аймактык башкаруусунун аксакалдар сотунун төрагасы Абдирашит Кадыровдор катышып, саясий интригалар менен алектенген айрым партиялар шаардын жашоосуна кыйынчылык алып келип жатышкана токтолушту.

Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиевдин сөзүнө караганда, шаарда эки жолу депуттарды шайлоо болуп, дагы деле бир пикирге келише албастан, шаардын бюджети кабыл алынбай, шаарда бир топ иштер алга жылбай токтоп калды.

- Бүгүн биздин маалымат жыйынга келгенибиздин максаты - шаарда биздин депутаттар мурдагы шайланган депутаттар бир пикирге келише албай, эки партиянын сессияга келбей койгондугунун негизинде тарап кетишкен эле. Мына 28-майда кайрадан шайлоо болду. Азыркы убакта шаардык кеңештеги КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика” партияларынан шайланган 18 депутаттан турган  “Жаңы багыт” көпчүлүк  коалициясы түзүлдү. 23-июнда бардык депутаттарга кайрылып, сессияга чакырышты. Бирок, бул жолу да “Ата-Журт”, “Өнүгүү” партияларынын депутаттары сессияга келбей коюшту. Ал жерде баарына мандаттарын, төш белгилерин беришти. Биздин шаарда азыркы убакта абал аябай жаман. Себеби, 7 айдан бери депутаттар ары-бери болушуп, бир пикирге келе алышпастан, шаарда бардык жасала турган иштер токтоп турат. Шаардын бюджетин сессияда депутаттар сессияда бекитип бериши керек эле. Бюджетти бекитпегендин эсебинен курулуштар токтоп калды. Муну душмандык десек болот. Эмне  үчүн мындайга барып жатышат? – биз үчүн белгисиз. Эми азыркы убакта инвестиция келип жатат. Аны да сессияда бекитип бериши керек эле. Мунун да мөөнөттөрү өтүп, алар да карамалууда. Кыскасын айтканда, бүт кыймыл шаарда токтоп калды. Бул элге, шаарыбыздын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатышат. Эмне максатта мындай кылып жатышканын ачык айтыш керек. Депутаттыкка коюп, элди удургутуп, алдап, биз шаарды өнүктүрөбүз деп айтып алышып, кайра эле шаарды артка кетишип, “тарайбыз” дегенди ачык айтышпай жатышат. Лагерге да 90 баланын ордуна 50 баланы жөнөтүштү. Партиялар лидерлеринин гана айтканын угуп, ушундай абалга кептелип калышты- деди А.Адиев аксакал.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын тургуну Шермамат Осмоновдун пикиринде, депутаттар кыргыз элинде айтылган “ынтымак бар жерде ырыс бар” – деген сөздү эске алып, ынтымакка келбесе, анда бардык нерсе артка кете берет.

 - Мына 4-5 айдан бери шаарда эч кандай кыймыл жок. Башка чоң шаарларга барып, кайра Жалал-Абадга келип, көчөлөрүнө кирсең, бир айылдын чекесинде жүргөндөй болосун. Бардык жакты чөп баскан, тазаланган эмес. Мактанышып мындай-андай деп жатышат, мунун баары ооз көптүрмөй курук сөз. Ушулардын баарын депутаттар ойлонушу керек. Депутат деген өзүнүн кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коюп, эл үчүн иштеген киши гана депутат болот. Биринчи кызыкчылык элдики болуш керек деп мен ойлойм. Шайлоого барып, элдин ушунча ишеничине кирип, анан кийин өткөндөн кийин элге туура кызмат кылыш керек эле да. Эми эки жолу тең шайлоо өткөрүп, анан сессияга катышпай, бирине бири тирешүү деген өтө туура эмес нерсе. Элдер ошолордун баарынан күтүп жатат. Биз кечээ кимдерди шайладык? Мына ошондуктан, шаардык кеңешке өткөн депутаттар бардыгы акылдуу жакшы жигиттер үчүн эл колдоду да. Эл колдогондон кийин, элдин талабын аткарыш үчүн, алар бардыгы “сессияда силердин маселеңерди чечем, силер эмне десеңер ошону аткарам” деп барган да. Анан бүгүн келип, тескери жакка барып жатышат.

Агымга карап, элге айткан убадасын жигиттер аткарыш керек. Жалал-Абаддын элин кыйнабай, кимиси мэр болгусу келсе, сессияга келип чечишсин. Кантип эле кайрадан таркаганга барышсын? Мунун баары мамлекеттин бюджетине зыян алып келтирип жатат. Канча оорчулук алып келип жатат элге? Шаардагы акыбалды көрүп жатасыңар, мунун баары келип, элди эки агымга бөлүп жатат. Партиянын лидерлери элди эки агымга бөлүп, элди тирешүүгө (конфронтацияга) алып барышууда. Бири менен бирин жаңжалдаштырууга аракет кылып жатышат. Ошонун баарын депутаттар ойлонуш керек. Эмне үчүн депутат болуп шайланды? Эмне үчүн элге кызмат кылам деп, элге убадасын берди? Эл да алданбастан, курук жаңгакты койнуна толтургандарды ойлонуш керек болууда. Эртең сага минтип берем десе алданып, 1000 сом акчага, же бир кап унга добушун саткан фактыларды да уктук. Булардын баары тастыкталып, далилденбегени  менен эл ичинде айтылып жүрөт. Мына ушундайлар эртеге Жалал-Абаддын элин гана эмес, кыргыз элинин ичине бүлүк салууну ойлоп жаткандар. Алдыда президенттик шайлоо болот. Кимдин колуна бийлик тийет, мунун баарын лидерлер ойлонуп, түшүнүш керек.  Кыргыз элинин чыныгы атуулдары болсо, элине, өлкөсүнө күйсө, депутаттар тирешпей, туз жолго түшүшү зарыл. Партиянын лидерлери элди бөлбөй, бир пикирге келишип, сессияны өткөрүп, ким мэр болсо, ошол адамды шайлап берсин, - деди Ш.Осмнов аксакал.

Спутник” аймактык башкаруусунун аксакалдар сотунун төрагасы Абдирашит Кадыровдун сөзүнө караганда, Жалал-Абад шаары акыркы учурда мындай кырдаалга учураган эмес. Жалал-Абад шаары өтө оор акыбалда.

- Себеби, алдыда айтып кеткендер абдан туура айтышты. Бул жерде эки гана кишинин кызыкчылыгы болуп жатат. Ошол мандат алган 13 депутат эки лидердин айтканын аткарып, өз алдынча иш жасай албай жатышат. Эки лидердин гана оозун карап, сессияга барбагыла десе, барбай, баргыла десе барышат. Лидерлер Бишкекте отурушат, депутаттар шаар ичинде. Тааныганы бар, тааныбаганы бар. Аларга да шайлоочулар эмне болуп жатасыңар? – деген суроону узатып жатышкан чыгаар. Чындыгында, Жалал-Абад шаарынын кебетеси айылдын кебетесине кирип бара жатат. Тазалоо жок, иш жок. Эч кимиси иштегиси келбей, бардыгын артка тартып жатышат. Эки лидер Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев булар жакшылап ойлонушу керек. Себеби, бийлик менен тиреешкен да жакшылыкка алып барбайт. Бийлик-бийлигине тиренгенде, анан булар бийликке таарына баштайт. “Ээ мына бийлик мени куугунтукка алып, мени кыйнап жатат?” – деп айтып чыгышат. Ал эми өздөрүнүн кылган иштери менен иши жок. Чындыгында, Салайдин Авазовдун туура эмес кылган иштерин, кемчиликтерин айтсын. Ошондо ал киши мен күнөөлүү экемин деп, өзү деле айтып, кетип калат. Бетке айта турган киши. Мына азыр деле ишин улантып, Бишкекте 7 долбоорду ишке ашыруу үчүн минфинде отурат. Башка адам болсо, муну жасамак эмес да. Айтып кетээрим, акылыңарга келип, шаардын кызыкчылыгы үчүн 31 депутат бир сессияга катышып, ушул иштерди улантканга мен чакырып кетем, - дейт  А.Кадыров аксакал.

Шаардагы “Достук” аймактык башкаруусунун аксакалдар сотунун төрагасы Алимжан Божуевдин сөзүнө караганда, аксакалдар калыстык сөзүн айтуу үчүн маалымат жыйын өткөрүүнү туура көрүшкөн.

- “Карынын кебин капка сал” деген макалда айтылгандай, биз аксакалдар калыстык сөзүбүздү айталы деп чечтик. Мына 7-8 айдан бери шаардын бюджети бекитилбей жатат. Бюджет бекитилбеди дегенди көпчүлүк, калайык-калк түшүнө бербейт. Эрегишүүдөн эр өлөт деп коюшат элибизде. Эми бири-бири менен тиреше берүүдөн эч пайда чыкпайт. Элге болгон зыянды ойлошу керек болуп жатат депутаттардын. Урматтуу, депутаттар! Бакыт Эргешович, “Ата-Журттун” лидери деле өзүбүздүн кулунубуз, акыры силер деле депуттардын өз укугу, өздөрү билет деп койсоңор болот. Бирок, бул жерде кандайдыр бир кызыкчылык болуп жатканын эл билиш керек болуп жатат. Шаардын акыбалы өнбөй-өспөй, токтоп калды. Жакында сентябрь келе жатат. Билим берүүнү, саламаттыкты сактоо тармагын алгыла, иши кылып баары бюджетке келип такалып жатат. Ушуларды бир ойлонсоңуздар. Дагы бир акылыңарды калчап, бөлүшө албаган кемчиликтериңерди айтып, чечишип алса экен деген ниетте келип отурабыз. Адеп эле тирешүү, интрига боло бере турган болсо, анда бизде өнүгүү да, калкыбызда ынтымак да болбойт! Партиялардын биздин кыргыз калкынын менталитетине туура келбегендей болуп турат. Муну мен чечип жибере албайм, бул менин жеке пикирим. Партияга бөлүнүү жакшы жакка алып барбайт экен. Кыргызда бир жакшы сөз бар “бөлүнгөндү бөрү жейт” деген. Ушуларды бир эске алып, 18 депутат менен 13 депутат тирешип тура берсеңер, дагы эмне болот? Аксакалдардын сөзүн эске алып, акыл калчап, топтолуп, бир пикирге келип, келечек жөнүндө ойлонуп, бюджетти бекитип бергиле. Сессияга келип, ачык айтып, бөлүшүп, шаардын келечегин ойлонуп, ийгиликтүү иш алып кетишиңерге мен чын жүрөктөн тилектешмин, - деген тилегин билдирди А.Божуев аксакал.

Ошондой эле, бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңыдан шайланып келген депутаттардын “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын шаар жана шаардыктардын тагдырын тезирээк оң чечүү максатында биримдикке чакырып, 29-июнь күнү биринчи сессияга чогулуп, шаардын эң зарыл маселелерин чечип берүү зарылдыгын белгилешти.

Шаардык кеңештеги КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика” партияларынан шайланган депутаттардан түзүлгөн  “Жаңы багыт” көпчүлүк  коалициясынын лидери Сайдулла Чимбердиевдин айтымында, буга чейин эле шаардык кеңештин жаңы 8-чакырылышынын биринчи сессиясын өткөрүү аракети болду, бирок сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын келбей койгондуктан кворум жетишпей, биринч сессия өтпөй калган.   

Ал эми шаарык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбековдун айтымында, ”“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 28-беренесинин (“Жергиликтүү кеңештин сессиясы”) 3-пункутунда: “Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат”, - деп жазылган.

“Сессияны чакырууда көпчүлүк болгон коалиция лидерлери “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү” мыйзамынын 28-беренесинин 3-пункутунда көрсөтүлгөн талапты бузуу жолу менен өздөрү сессияга чакырып жатышат. Ошол себептен, биз алардын чакыруусун мыйзамдуу деп эсептебейбиз. Биз менен бийликтин партиясы тең ата сүйлөшпөй, бизге өздөрүнүн гана талаптарын коюп жатышат”, - деди М.Адылбеков.

Эскерте кетсек, шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосу 2016-жылы 11-декабрда өткөн. Анда шаардык кеңешке КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Республика-Ата-Журт”, “Ата-Журт” партияларынан депутаттар өтүшкөн. Бирок, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын демилгеси менен депутаттар көп өтпөй таркап кетишкен. Кийинки шайлоо 28-майда өтүп, шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика-Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” партияларынын депутаттары келишкен. Биринчи сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары келбей коюп, азыркыга чейин төрага, мэр шайлана элек жана шаар бюджети бекитилбей турат.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “kogart.kg”.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24