Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгеленди (ФОТО)
Жалал-Абадда 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Жыйынга райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары, жана облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты. Майрамдык салтанатуу жыйынга КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров, КР Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Аккозиев катышты.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү ролу жана мааниси зор экендиги талашсыз. Анткени бул кызмат өлкөгө таза кызмат кылуунун ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жолу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоо – бул мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мекендин кызыкчылыгын коргоо, элдин биримдигин сактоо, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер коомдун интелектуалдуу элитасынын бөлүгү болуу менен, бийлик менен элдин ортосунда өзүнчө бир көпүрөнүн ролун аткарат. Элдин бийликке карата ишеними жана оң мамилеси анын кесипкөйлүгүнөн, кынтыксыз ишинен, ошондой эле бийик адамдык сапаттарынан көз каранды,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Исламбек Масабиров.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Исламбек Масабиров бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо баракчаларын жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасын” тапшырды.
Майрамдык салатанттуу иш чара Жалал-Абад облусттук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын артисттеринин кеңири программадагы концерти менен коштолду.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18