Атамбаев Сооронбай Жээнбековду президенттикке татыктуу талапкер деп атады
Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атады. Бул тууралуу Татарстанга жасаган сапарынын алкагында, 24-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«Мен ишенем, КСДП курултайында ал кишини толук колдойт. Бул мамлекет үчүн жакшы тандоо . Ал тартиптүү, чынчыл адам»,- деген Атамбаев Сооронбай Жээнбековду 1995-жылдан бери тааный турганын белгиледи:
- Ал кезде парламентте чогуу депутат болгонбуз. Ошол жылы "Реформа" деген фракция түзгөнбүз. Ага 70 депутаттын 29у кирген. Бул ошол кездеги президентке жаккан эмес. Сооронбай Жээнбеков менин орун басарым болгон. 20 жылдан ашуун убакыттан бери аны акыйкатчыл адам катары тааныйм.
КСДПнын саясий кеңеши президенттикке Сооронбай Жээнбековду сунуштаган. Бул маселе эми 15-июлда партиянын курултайында каралып, чечим кабыл алынат.
22-июнда Социал-демократиялык партиянын саясий кеңешинин төрага орун басары алмашып, парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун ордуна президенттин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Фарид Ниязов шайланган.
Бышыктала элек маалыматтарда Турсунбеков да президенттикке ат салышары айтылып жүрөт. Талапкерлерди каттоо 15-июнда башталган. Тактыга ат салышчулардын катарында бир нече белгилүү саясатчылардын аты аталууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









