ИМ тобу Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен районун басып алды
Ооганстандын түндүгүндөгү Дерзап районунун борбору жана бир канча мамлекеттик мекеме алгачкы жолу «Ислам мамлекети» тобунун карамагына өттү. Бул тууралуу аймактык кеңештин депутаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда анда өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын ортосунда салгылаш уланууда. Согуштук аракеттердин жыйынтыгында миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
Ошол эле маалда аймактык полициядан азырынча ИМ тобу Дерзан районун толук басып ала электигин билдиришти.
"Район толугу менен алардын карамагына өтө элек. Ооган күчтөрү жоочуларга каршылык көрсөтүп жатат. Согуштук объектилер ооган күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Дерзапка кошумча аскерлерди жөнөтүп жатабыз", - деди аймактык полициянын башчысы.
Түндүк Ооганстандын аймактык кеңеш өкүлдөрүнүн айтымдарында, жегиликтүү армия ИМ тобуна каршылык көрсөтүүгө аракет кылганы менен борбордук өкмөттөн жардамдын жоктугунан исламчылар көптүк кылууда. "Эгер борбордук өкмөт өз убагында жардам жөнөтпөсө, анда провинциянын борбору Шибирганга дагы чабуул болушу мүмкүн", - деди алардын бири.
Жергиликтүү аткаминерлер аймактагы Фарьяп, Жовузжан жана Серпул провинцияларында «Өзбекстан ислам кыймылынын» да согушкерлери бар экенин билдиришүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









