KELECHEK
rek

Адвокаттар: Текебаевдин ишинде 8-том бар экени эми гана белгилүү болду

Адвокаттар: Текебаевдин ишинде 8-том бар экени эми гана белгилүү болду

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишинде 8-том пайда болгону тууралуу адвокаттар алгачкы жолу кабардар болуп жатышканын Текебаевдин ишенимдүү өкүлү Канатбек Азиз билдирди.

- Азыр эле сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча адвокаттарга жана айыпталуучуларга белгисиз 8-том бар экени анык болду. Анын буга чейин кайда болгонун адвокаттар сурашканда, судья Айбек Эрнис уулу бул томдо карап чыгууга тийиштүү болгон анчейин деле маанилүү документтер жоктугун айтты. Буга адвокаттар каршы чыгып, бул том менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сурашты.

Натыйжада судья адвокаттарга 8-том менен таанышып чыгуу үчүн бир күн берип, Текебаев менен Чотоновдун соттук териштирүүсү 22-июнда уланмай болду.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Текебаевдин иши сотко өткөндө эле 8 том болчу:

- Бул кылмыш иши сотко өткөндө эле 8 том болуп берилген. Адвокаттар 8 том бар экенин билишкен жана бул тууралуу аларда маалымат болгон. Жадагалса алардан Марат Эшперов, Бакыт Жумашев, Искен Афиджанов 8 томдун бардыгы менен таанышып чыккан. Бул кадамды ишти создуктуруу максатында атайын ар кандай шылтоолорду издеп жатат деп бааласак болот.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясынын иши боюнча коррупцияга айыпталып, быйыл 26-февралда кармалган. Бул ишке тиешеси бар деген жүйө менен экс-министр Дүйшөн Чотонов да кармалган. Экөө тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат. Оппозициячыл саясатчылар өздөрүнүн айыпталуусун бийликтин саясий куугунтугу катары сыпаттап келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53