«Ак-Кеме» мейманканасы мамлекеттин менчигине өттү
Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Мүлк" ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусубалиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган мейманкана мамлекеттин насыясынын эсебинен курулганы менен ар кандай чыр-чатактардын жыйынтыгында көп жылдан бери пайда көрбөй келе жатат.
Нусубалиевдин билдиришинче, соттун чечими менен ал имарат мамлекеттин менчигине өткөн. "Ак-Кеме" жетекчилигине имаратты бошотуу тууралуу бир нече жолу эскертүү берилип, бирок ал аткарылбагандыктан бүгүн мейманкана мамлекетке өткөрүлдү:
- "Ак-Кеме" мейманканасы соттун чечими менен Каржы министрлигинин балансына берилген. Министрлик Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына быйыл февралда өткөрүп берген. Андан кийин биз көп жолу "Ак Кеменин" жетекчилигине мамлекеттик имаратты бошотуп бергиле деп кайрылуу жасадык. Бирок алар бошотпогонуна байланыштуу мамлекет өз мүлкүн бошотуп алды. Мамлекеттик мүлк мамлекетке киреше бериши керек. Милиция болгону тартип бузуулар болбосун деп абалга көз салып турат. Объект чоң да. Эч кимге күч колдонгон жок. Милиция көмөк гана көргөздү. Имаратка биз кирдик. Мындан ары ал мамлекетке иштейт, - деди Орозбек Нусубалиев.
"Ак-Кеменин" кызматкерлери бүгүн таң эрте милиция кызматкерлери мейманкананы курчап, анда иштеген бардык кызматкерлерди чыгарганын маалымдашкан. Муну "рейдерлик басып алуу" катары мүнөздөшкөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 300дөй милиция кызматкери мейманкананы бошотуу учурунда коомдук тартипти сактоо максатында тартылган.
“Ак кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы мамлекет алган түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Өкмөт өткөн айда аны өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алган. Мейманкана жетекчилиги менчик ээси менен өкмөт ортосунда мүлктү тең бөлүү боюнча соттун чечими бар экенин айтып, бирок ага карабастан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мейманкананы өз карамагындагы ишканага өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын айтып чыккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









