KELECHEK
rek

Жалал-Абадда кыйноолорго каршы Улуттук борбор ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Жалал-Абадда кыйноолорго каршы Улуттук борбор ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Жалал-Абад облусунда кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноолого каршы Улуттук борбор (КАУБ) менен облус аймагындагы укук коргоо органдары чогуу иштеп жатышат. Бул тууралуу аталган Улуттук борбор Жалал-Абад шаарында өткөргөн ачык эшиктер иш-чарасында айтылды.

Кыйноолорго каршы Улуттук борбордун бөлүм башчысы Камалдин Жапаров жана ушул борбордун Жалал-Абад облусундагы аймактык өкүлү Алишер Эрматов өлкөдө жана облус аймагында кыйноолорго жана азап берүүлөргө каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири баяндама жасашып, Бул багытта облус аймагындагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак иш алып барып жатышканын белгилешти.

Алардын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында адам укуктарын сактоо жана кыйноолорду, азап берүүлөрдү болтурбоо, бул жагынан мыйзамдуулукту кармануу жагынан кыйла оң өзгөрүштөр болуп жатат. Мурда бул жаатта укук коргоо органдарынын, айрыкча милиция кызматкерлеринин арасында түшүнбөстүктөр болуп келсе, азыр абал жакшы жагына өзгөргөн.

Эске сала кетсек, 2016-жылы КАУБга Жалал-Абад облусунан кыйноолор боюнча 15 арыз түшүп, анын негизинде 1 кылмыш иши козголгон. Ал эми КАУБга жалпысынан 153 билдирүү түшүп, КАУБ кызматкерлери 158 жолу билдирүүлөр боюнча барууларды уюштурушкан, анын ичинен 93 жолку баруулар убактылуу кармоочу жайларга жасалган. Ал эми быйылкы жылы ушул кезге чейин кыйноолор боюнча 5 арыз түштү.

Кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноологор каршы Улуттук борбор 13-24-июнь күндөрү бардык аймактарда ушундай ачык эшитер күнүн өткөрүп, бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу чараларын уюштуруп жатат. Бул чаралар 26-июнда белгиленүүчү Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө арналууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13