KELECHEK
rek

Таш-Көмүрдөгү Курулуш кичи районунун 7-жатаканасы мыйзамсыз менчиктештирилген, - дейт жашоочулар (ФОТО)

Таш-Көмүрдөгү Курулуш кичи районунун 7-жатаканасы мыйзамсыз менчиктештирилген, - дейт жашоочулар (ФОТО)

Таш-Көмүр шаарынын Курулуш  кичи районундагы №7-жатакананын жашоочулары өздөрү жашап келе жаткан батирлер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиктен, азыр аларды үйлөрүнөн күч менен чыгаруу аракеттери болуп жатышкандыктарын Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Маалымат жыйынга катышкан тургундардын адвокаты Кубанычбек Бакировдун сөзүнө караганда, Таш-Көмүр шаарынын Курулушчулар кичи районундагы көп батирлүү жатакананын бир подьездиндеги 17 батирди кызмат адамдары Бишкек шаарында жашаган жеке ишкерге (Т.Долонбаева) 70 миң сомго сатып жиберген. Жашоочулардын айтымы боюнча ар бир батир 200-300 миң сомдон сатылган.

- Батирлерди сатууда мыйзам бузуулар орун алган деп эсептейбиз. “Турак-Жай” жоопкерчилиги чектелген акционерлеринин (ЖЧК) протоколдорун түзүү жолу менен сатышкан. Ал протоколго да кол койгон кээ бир адамдар өлгөндүгү аныкталды. Бизде кагаздар бар. Кээ бирлери Кыргызстандан чыгып кеткендиги боюнча да маалыматтар бар. Бүгүнкү күндө батирлерди сатып алган жеке ишкер батирлердин жашоочуларын  мажбурлоо иретинде чыгарууга сотко берген. Азыркы күндө ал сот иши токтотулган, үйлөр камакка алынган. Ошентсе да, жеке ишкер күч колдонуп, адамдарды чыгарууга аракет жасап жатат. Эки көзү көрбөгөн азиз болгон бир кемпирди буга чейин чыгарып салган экен. Жакында эле бирөөсүнө күч колдонуп, терезе, эшиктерин бузуп кетти. Ошого укук коргоо органдарына арыз жазылган. Биз тараптан сотко сатып алуу-сатуу келищимдерин жокко чыгаруу жөнүндө арыздар берилген. Бүгүнкү күндө соттун жыйынтыгы чыга элек. Ал жатакана убагында “Ош-Трест” деген ишканага караган. Кийин союз бузулгандан кийин, Таш-Көмүр шаарынын “Турак-Жай” ишканасына өткөн. Бул жатакана жеке менчик эмес, мамлекеттик жатакана болгон, - деди адвокат К.Бакиров.

Таш-Көмүр шаарынын Курулуш  кичи районундагы №7-жатакананын тургуну Айнура Мамырованын сөзүнө караганда, алар жашап жаткан батирлер мэриянын балансындагы жаткана болгон. Ал жерде жашаганына 20 жылдай болуп калды. Батирди ордер менен алышкан.

- Бизге айттырбай, эч кандай билдирүү бербей туруп эле башка бирөөгө сатып жиберишиптир. Бизде Таш-Көмүрдө чынчыл иштей турган адамдар жок болуп жатат. “Карга карганын көзүн чукубайт” дегендей болуп, биздин үйдү сатып алган адам да биздин укугубузду тебелеп, 1,2,3,4-кабаттагы батирлердин терезе, эшиктерин сындырып алып кетип жатат. Мен өзүм төртүнчү кабатта жашайм. Өткөндө Жылдызбек деген баланы уруп, жашаган үйүнүн эшик-терезелерин сындырып алып кетти. Аялынын 5 айлык боюнда бар, эки жаш баласы менен үйүндө отурган жеринде келип, эшик-терезелерин талкалап чыгарып кетишкен. Жылдыз “эмне кыласын буларды?” десе, “бул мага керек, үйдү ала албасам да, эшик-терезелерин алып кетишим керек” – деп айтыптыр. Начальник милицияга да бардык. “Майли-майли бүтүрөбүз” деди. Анан тергөөчү бул ишти жаап салды. Уголовный розыска, прокуртурага кайрылдык, биздин арызды карабай жатышат. Үйдү сатып жатканда бизге билдирбей туруп, сатып жиберишкен. Бул жатаканы 2007-жылы сатып алышып, 2016-жылга чейин эч кимге айтышкан эмес. Арадан 10 жылды өткөрүшкөн. Ошондо саткан чиновниктер азыр иштебейт. Таш-Көмүр шаардык мэриясына карайбы деп, шаардык архивке барсак, аларда эч кандай документтер жок экен. Мурдагы шаардын мэри Болот Миңбаевге 5-6 аял болуп барсак, ал  нотариусту чакырып келип, ага “жатакананын документтерин алып келип кой” – деп айткан. Андан бери анын да дайыны жок. Сотко бердик эле, ал чечип бербей койду. Экинчи инстанциясына берип, аныктамасын күтүп жатабыз. Эч кандай жыйынтык жок болгондуктан улам, маалымат жыйын өткөрүүгө туура келди.

Менин ата-энем, күйөөм өтүп кеткен. Эки балам менен калып, үйсүз жүргөндө жатакана алгамын. Бизге ордер берилген. Ошол ордер менен эле жашап жүргөнбүз. Бир подьезде 17 батир бар да. Бизге айтса деле, сатып алмакпыз. Жаныбыздагы подьезде жашагандар сүйлөшүп туруп 70 миң сомго сатып алышыптыр. Ар бир батир 4 миң сомго туура келип жатпайбы? Эми кимге кайрылып, эмне кылышыбызды билбей калдык, - деди А. Мамырова.

Маалымат жыйында сөз алган Таш-Көмүр шаарынын Курулуш  кичи районундагы №7-жатакананын тургуну София Хуснутдинова да сөзгө аралашып, шаарга 1978-жылы келип, турмушка чыккандан кийин жолдошу “Ош строй” ишканасында иштегендиктен, аларга азыркы жашап жаткан батири берилгендигин айтты.

- Мына 29 жылдан бери жатаканада жашайм. Жарыя кылбай туруп эле, эми бизди “бул батирлерди сатып алгамын, чыккыла”  деп жатат. Бул обьект  сот тарабынан камакка алынган. Ошого карабастан, Сабыр Долонбаев келип, баарын талкалап, алып кетип жатат. Мен айттым: “обьект камакта турат” – десем, “ишиң болбосун, менин жеке менчигим, эмне кааласам, ошону кылам” деп айтты. Азыр бизге эч ким жардам бербей жатат. Бардык жерге бардык, жыйынтык болбоду. Бир подьезди 70 миң сомго сатып алган. Азыр ал жерде 7 үй-бүлө жашайт. Биздин ордерлерибиз бар. Убагында бизге жарыя кылып айтпай туруп эле, сатып жиберген, - дейт София Хуснутдинова.

Жашаган үйүнүн эшик-терезелерин талкаланып, азыр бардык жагы аңырайган бөлмөдө кичине эки баласы, 5 айлык боюнда бар баласы менен жашап жаткан Жылдызбек Маматалиев окуяны мындайча баяндап берди.

“Мен үйдө жок болчумун. Келинчегим телефонго чалып, коркутуп жаткандыгын айтты. Угуп эле, келип калсам, алар жүктөп кетип жатышкан экен. Анан мен машинамдан түшүп, эмнеге алып кетип жатасыңар? десем,  мен сотко өзүм жооп берем деп кетип калышты. Балдарым, аялым дале коркуп жатышат. Аялым ооруканага жатып чыкты. Органдарга кайрылсак, эч кандай кылмыш иши жок деп, бүтүм чыгарып коюшту. Эми облуска кайрылдык, азыр облусту күтүп жатабыз”, - дейт Ж.Маматалиев.

Ошондой эле, №7-жатакананын тургуну Айнура Мамырованын айтымында, алар жашаган жатаканын “А” блогун сатууга берип жаткан мезгилде 2007-жылы кол койгон 80 пайыздык акциясы бар Елена Калугина 2000-жылы 22-июлда эле каза болгон кара кагазы бар экен. Ал эми кол койгондордун кээ бирөөлөрү эчак эле Россияга кетип калган адамдар болгон.

- Мына ушундай алдамчылык жол менен биз жашаган подьезди сатып жиберишкен экен. Кандай кылып документтерди тууралашкан билбейбиз? Ошол “Турак-Жай” фирмасынын башкы бухгалтери  Илюшкинанын 12 эле пайызы бар экен. Ушул 12 пайызы бар Илюшкинага биринчи өткөрүп, анан алып-сатууну жүргүзүшкөн. Бул жерде документтер колдон-колго өтүп жатат. Азыр бул жерде “Телеком” бар. Биздин документибиз бар. Каттоого турганбыз, - деди А.Мамырова.

Адвокат Кубанычбек Бакировдун маалыматы боюнча, “Турак-Жай” ЖЧКу фирмасынын 12.02.1998-жылдагы Уставы боюнча мамлекеттик ишкана болуп саналат. Ал эми ЖЭУ Трест (Жилищно-эксплуатационное управление треста) негизинде, “Турак-Жай” ЖЧКу фирмасы түзүлгөн.

- Бирок, жатаканада жашаган жашоочулардын жалпы чогулушунун чечими менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жатакананы турак-жай үй статусуна өткөрбөй туруп, 2007-жылы “Турак-Жай” ЖЧКу фирмасы акционерлердин жыйынын өткөрүп туруп, Бишкек шаарынын тургуну Токтокан Долонбаевага мыйзамсыз сатып жиберишкен. Бул боюнча жатакананын жашоочуларына билдирип, айтышкан эмес. Кабар берсе, булар балким өздөрү деле сатып алышмак. Мамлекетке көбүрөөк акча түшмөк. Бул батирлер анда менчиктештириле элек болчу. Бул жашоочуларга андай мүмкүнчүлүк берилген эмес, - дейт адвокат.

Маалымат жыйынга катышкан Таш-Көмүр шаарынын Курулуш  кичи районундагы №7-жатакананын тургуну Жолдошбек Айдаралиевдин, сөзүнө караганда, 1996-жылдары “Мамлекеттик жатаканалар менчиктештирилүүгө берилбейт” деген мыйзамды окуган экен. Ошол себептен, алар бул жашаган батирлерин менчиктештирип алууга кызыкпаган.

- Акционерлердин жыйыны туура эмес болгон. Бизге деле ачык айтса, жарыя кылса, сатып алмакпыз да, туурабы? Биз деле 70 миң сомго чогулуп сатып алсак болот эле. Бизге жатакана сатылбайт деп айтылган, - деди Ж.Айдаралиев.

Маалымат жыйынга катышкандардын айтымында, мурдагы шаардын мэри Мамадалы Кулдышев да жатакана сатып алып, ал жерде жашагандарга үй алып берип, баарын жайгаштырган. Жашоочулар алар жашаган подьезди сатып алган Сабыр.Долонбаевге кайрылып, бизге деле Кулдышевге окшоп, үй алып бербейсизби? – дешсе, андай ар бирине үй алып берүүгө кудурети жетпей тургандыгын айткан.

Ошентип, убагында өздөрү жашаган батирлер кандайча сатылып кеткенин билбей калып, азыр койкуйлап жаткан жашоочулардын тагдырын бир гана сот адилет чечип бербесе, бул чырлуу ишке эч ким аралаша албай, четте тамаша кылып тургандан башка аргасы жок экенин жашоочулардын ар биринин сөзүнөн аңдап, соттордон чындыктын жообун күтө туралы.

Анархан Жаңыбаева, “Көк-Арт Инфо” маалымат борбору.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24