KELECHEK
rek

Путин: Кыргызстан бюджетине Орусия жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет

Путин: Кыргызстан бюджетине Орусия жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 20-июнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал Орусиянын Кыргызстанга каржылык колдоосу дээрлик кайтарымсыз негизде көрсөтүлүп келе жатканын эске салды:

- Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатат. Анын уставдык капиталына Орусия 500 миллион доллар салган. Мындан тышкары Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында орус тарап жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет. 2012-жылдан тарта мындай жардамдын суммасы 255 миллион долларды түздү. Кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым катары мигранттардын которгон акчасын айтсак болот. Былтыр мындай которуулардын көлөмү 20 пайызга өсүп, 2 миллиард долларга жакындаган. Ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында которуулар дагы 60 пайызга жогорулады. Бизде кыргыз жарандарына жумушка орношууга, медициналык жана социалдык жардам алууга жеңилдик берген шарттар каралган, - деди Путин.

Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын толук кечкени тууралуу протоколго кол коюлду. Алмазбек Атамбаев муну Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам катары баалады. "Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албай" турганын белгиледи.

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду. Атамбаевдин Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапары 19-июнда башталган. Ал Москвадан кийин Татарстан менен Башкортостанга да барат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38