KELECHEK
rek

Жалал-Абадда турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга арналган жыйын өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга арналган  жыйын өттү (ФОТО)

Бүгүн, 20-июнда Жалал-Абадда турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга арналган жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жыйынга “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын төрайымынын орун басары Каныбек Алиязов, аталган уюмдун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Руслан Мокешов, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, район-шаарлардагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Жыйындын ишин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

- Жалал-Абад облусунда  188 151 турак-жайлар катталган болсо, бүгүнкү күнгө карата 2621 турак-жайлар мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлдү. Майыптар менен социалдык коргоого муктаж болушкан 25 адамдын турак-жайлары “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы тарабынан акысыз камсыздандырылып берилди. Калк арасында турак-жайларды мамлекеттик камсыздандыруу боюнча 150дөн ашуун жыйындар өткөрүлүп, ага 6700дөн ашуун атуулдар катышты. Жалпы жонунан Жалал-Абад облусунда “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы тарабынан бүгүнкү күнгө карата 4 тургунга турак-жайларына келтирилген зыяндын ордун толуктап берүүгө 3 млн. 30 миң сом акча каражаты төлөнүп берилди,- деди “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Руслан Мокешов.

- 2017-жылы Жалал-Абад облусунда 130 ар кандай табигый кырсыктар катталды. Анын кесепетинен 7 адамдын өмүрү кыйылып, жалпы жонунан 82 млн. сомдук зыяндар келтирилди. Ошондуктан калк арасында турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга тургузуу боюнча туура түшүндүрүү иштерин алып барышыбыз керек. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей ал айттырып келбейт. “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын жетекчилиги ар бир айыл аймактарында бирден агентти даярдап окутуп, аларга эмгек маяналарын төлөп берели деп жатышат,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Турак-жайларды мамлекеттик камсыздандыруу боюнча берилген бир катар орчундуу суроолорго “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын төрайымынын орун басары Каныбек Алиязов,  областтык филиалынын директору Руслан Мокешов жооп беришти. Өз кезегинде бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруу боюнча райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери жана район-шаарлардын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктардын жетекчилери конкреттүү сунуштарын ортого салышты.

Жыйындын ишин  алып барган ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга тургузуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү талабын койду.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18