KELECHEK
rek

“Бойдон алдыруу 24-25 курактагылар арасында басымдуулук кылат”, - Айнура Давлетова

“Бойдон алдыруу 24-25 курактагылар арасында басымдуулук кылат”, - Айнура Давлетова

Эл аралык уюмдар тарабынан 1998-жылдан бери аялдарды бойго бүтүрбөөчү кражаттар менен камсыз кылуу бекер жүргүзүлүп келсе, мындан ары бекер берүү токтотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетова билдирди.

Анын берген маалыматыа караганда, Жалал-Абад облустук репродуктивдик борбор үй-бүлөнү пландоо жаатында облуста координатор болуп эсептелет. Донорлук уюмдар: Кыргызстандагы БУУнун Калк фондусу жана башка эл аралык уюмдар тарабынан бойго бүтүрбөөчү (контрацепция) каражаттары гуманитардык жардам катары борборго келип түшөт.

- Бизге келип түшкөн контрацепция каражаттарын район-шаарларга бөлүштүрүп, таркатабыз. Контрацепция каражаттары ал жакта кандай берилип жаткандыгын көзөмөлгө алып, мониторинг кылып, барып текшеребиз. Облуста жасаган ишибиз ушул. Ал эми ошол эле мезгилде берилип жаткан контрацепция каражаттарынын отчетторунун баары бизге келип түшөт. Мисалы, канча аялга берилди, кандай аярлуу топтогу аялдарга канча түрүн алды? – деген отчеттор алынат. Биз ар квартал сайын алып,  отчетун тиешелүү саламаттыкты сактоо мекемелерине берип турабыз. Биздин дарыгерлерден турган топ жер-жерлерге барып, үй-бүлөнү пландоо боюнча медицина кызматкерлерине семинар-кеңешмелерди өткөрүп турабыз. Акыркы чыккан маалыматтарды жеткирип, ушул сыяктуу иштерди жасап жүрөбүз, - дейт А.Давлетова.

Башкы дарыгердин айтымында, Эл аралык уюмдар тарабынан1998-жылдан баштап бекер контрацепция каражаттары берилип келген. Миллиондогон сомго барабар контрацепциялык каражаттар  келип жатты. Бир жылда 5 млн. сомго жакын каражаттар берилген учурлар болгон.

“Мисалы, 2008-жылдан баштап бир аз солгундап келе баштады. Ал эми 2010-жылдан баштап жылына келип турду. Бирок, бүгүнкү күндө 2016-жылда алган гумжардамдан башка мындан кийин контрацепция каражаттары келбейт бизге. Жакында республикалык деңгээлде тегерек стол болуп, ага ЖК депутаттары, керектүү тармактардын жетекчилери катышты. Анда мындан ары эмне болот? – деген суроонун алкагында талкуу болду. Себеби, мамлекет өзүнө аярлуу топтогу аялдарга контрацепция каражаттарын акысыз таркатууну моюнга алышы керек. Донорлук уюмдар мындан кийин контрацепция каражаттарын гуманитардык жардам катары бекер берүүнү токтотот. Бүгүнкү күндө контрацепция каражаттарынын 5 түрү ФОМС аркылуу алынып берилүүчү ОМСтеги дары-дармектердин тизмесине киргизилген. Бул бойго болтурбоочу каражаттардын беш түрү: бул жатындын ичине коюлуучу спирал, үч айда бир алуучу укол жана иче турган таблеткалар бар. Ошону ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан жеңилдетилген рецепт менен да дарыканалардан аялдар алса болот”, - деди А.Давлетова.

Биздин өлкөдө кабыл алынган мыйзамдардын ичинен “Калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо боюнча” өздөрүнүн укуктары бар. Ошол мыйзамда жазылган: “Ар бир жаран өзү канча кааласа, качан кааласа ошончо балалуу болгусу келет” – деп.

- Мисалы, үй-бүлөнү пландаштыруу кызматы деле, канча  балалуу болгуң келсе, ошончо балалуу болушун колдойт. Бирок, балдардын төрөлүүсүнүн ортосу 2 жылдан 3 жылга чейин болуш керек. Эмне үчүн дегенде, жаңы төрөлгөн бала 2 жашка чейин эне сүтүн эмиш керек. Ошондо бала дени сак жана боюу бийик, акыл-эси ордунда, семиздиктен арылган балдар болот. Жасалма сүт азыктарын, кошумча тамактандыруу берчү болсо, баланын семиздигине, аллергияга алып келүүдө. Ушул сыяктуу балдарда өтө көп оорулар пайда болууда. Эгерде бала 2 жашка чейин эне сүтүн эмчү болсо, ошондо мен айткан дени сак бала болуп чоңоёт. Бизде кандай болот? Жылдын башында январда төрөсө, жылдын аягында декабарда төрөгөн аялдар бар. Биринчи боюнда бар кезде токсикоз болот. Боюнда бар кезде эмчектеги баласын жакшы карабайт. Экинчи баласы төрөлгөн мезгилде, биринчи төрөгөн баласы көңүл бурулбастан калып кетет. Экинчиден, боюнда бар аялдар арасында кан аздуулук менен ооругандар көп. Эки жыл аралыкты сактап төрөсө, аялдар бул аралыкта өздөрүнүн ден соолуктарын чыңдап, кийинки төрөткө камданышы керек. Бойго болтурбоочу каражаттарды пайдаланбагандыктан, анан бизде конверция сыяктуу эле, биринин артынан бирин 1-1,5 жаштан төрөй беришет. Балдар эне сүтүн толук эмбегендиктен, кичинекей, боюу кыска болуп чоңоюп жатышат. Мунун баары келип үй-бүлөлүк каражатка терс таасирин тийгизет. Тез-тез ооруган балага дары-дамек алып бериш керек. Анан үчүнчү жагынан, тамак-аштан кыйналышат. Балдардын аралыгы 2,5-3 жаш болуп төрөлсө, балдар кийим жагынан, тамак-аш жагынан кыйналбай, жакшы шартта чоңоюшат Аял жумушка чыкканга да болот. Ушундай тартипте болсо, жакшы болот эле, - деди А.Давлетова.

Жалал-Абад облусу боюнча аборттордун саны 2015-жылы 1936 болсо, ал эми 2016-жылы 1666 аборт болгон. Анын ичинен 2015-жылы 16-17 жаштан 32 кыз-келин болсо, 23ү биринчи кош бойлуулугун алдырган. Бойдон алдыруу 2016-жылы бир аз азайган, 16-17 жаштагы кыз-келиндердин 19у боюнан алдырса, 14ү биринчи кош бойлуулугун алдырган.  

“Аборттордун көпчүлүгү, эң активдүүлүк төрөт курагына туура келет. Айрыкча 24-25 жаштагы кыз-келиндер бойдон алдырышат. 2015-жылы 24-25 курактагы 548 аял аборт жасатса, ал эми 2016-жылы 440 аборт жасалган. Бул биринчиден маалыматтуулуктун, экинчиден жоопкерчиликтин төмөндүгүнөн улам болуп жатат. Жарандар өз ден соолугуна болгон мамилени күчөтүш керек. Өзүнө жоопкерчиликти алыш керек. Эми медицина кызматкерлери гана жооп бербестен, өздөрү да аракет жасашы зарыл. “Эмне үчүн сактанбайсын?” – деген суроого, “сактанып эле жаткамын” – деп жооп беришет. Мисалы, 100 ааял аборт жасатса, ошонун баарынан сурасаң, баары “сактанып эле жаткамын” –дейт. Демек, алар туура эмес сактанат, же натыйжалуу колдонгонду билбей, өздөрүнүн билген каражаттарын колдонушат. Акысыз келген контрацепция каражаттарын алып, пайдаланышса болот да. Бизге бир жолу кайрылган аялдарга үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кмалар сунушталат. Ошол биз айткан кеңештерди колдонбой коюшат. Тилекке каршы, бизге  бир жолу абаорт жасаткандар, бир жылда 3-4 жолу келип, боюнан алдырып кетишет. Боюнан алдыруу организм үчүн – бул чоң стресс болот. Организм кош бойлуулукка даярданып, кош бойлуулукту күтүп жаткан болсо, анан бойдон алдырып коюу айыздын бузулуусуна, ар кандай гармоналдык өзгөрүүлөргө алып келет. Кээ бир учурларда түйүлдүктүн калдыктары калып кетет. Бул деген аборт учурунда болуучу нерсе.

Бойго болтурбоочу каражаттарды колдонгон аялдардын саны 2016-жылы 29,7 пайызды түздү. Облуста 297 миң 341 төрөт курагындагы аял жашачу болсо, анын 88 миң 341и контрацептик каражатты колдонот. Бул деген 50 пайызга чейин барыш керек. Бул бекер келген контрацептик каражатты алып жаткандардын саны. Эгер биздеги контрацепциялык каражаттар түгөнсө, бойдон алдыргандардын саны, балдарын таштап кеткен аялдардын саны кескин түрдө көбөйөт. Ошол себептен, мамлекет бул багытта азыртан кам көрүшү керек, - деди А.Давлетова.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24