Түркмөнстанда чакан бизнес ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур
Түркмөн бийлиги ишкерлердин чет элдик валюталарды алмаштыруусуна чектөө киргизгенден бери Ашхабад базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кескин кымбаттады.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, Ашхабаддын “Гүлистан” негизги соода борборунда жашылчанын баасы кайрадан көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар Түркмөнстандын өзүндө бышкан мөмө-жемиштерди сатып алуу мүмкүн болбой жатканына нааразы.
Мамлекет белгилеген баага ылайык, эттин наркы 17,80 манаттан (5 доллардын тегереги) ашпашы керек. Бирок базарларда ал 20 манаттан жогору сатылууда.
Соодагерлердин айтымында, баалардын жогорулашы жана маяналардын кечиктирилиши менен кардарлардын саны кескин азайды. "Биз түнү бою уктабай, дүң базарлардан аймактарда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди сатып алабыз. Андан соң кечке Ашхабаддын базарларында отуруп, кайра сатабыз. Бирок кардарлардын азайышы менен товарлардын теңи бузулуп кетүүдө",-деди ашхабаддык соодагерлердин бири.
Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген бекер газ, бекер электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. Адистер бул кабарды өлкөдөгү каатчылыктын жарчысы деп кабыл алышкан болчу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38