Бардык аскер бөлүктөргө видеокөзөмөл орнотулду
Бул тууралуу Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаев армиядагы жоокерлердин өлүмүнүн себептери тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, армиядагы чоңсунуу сыяктуу уставдан тышкаркы мамилелердин, суициддердин алдын алуу максатында бардык аскер бөлүктөргө видеокөзөмөл орнотулду:
- Биз ар бир өлүмдүн чоо-жайын иликтеп, экспертизаларды дайындайбыз. Ата-энелердин дооматтары да эске алынат. Эгер суицидге жеткирген жагдайлар болсо сөзсүз кылмыш иши козголот.
14-июнда акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектеги маалымат жыйынында армияда былтыр алты жоокер өз жанын кыйганын,жоокерлердин суицидге баруу себептери иликтенбей жатканын билдирген.
Аскер прокуратурасынын маалыматында 2010-жылдан бери куралдуу күчтөрдүн катарында 80ден ашык жоокер каза тапкан.Алардын 60 пайыздан ашыгы өз өмүрүн кыйган. Тергөө жыйынтыгында суициддердин жарымына чоңсунуу же уставга туура келбеген мамилелер себеп болгону аныкталган. Быйыл жыл башынан бери армияда бир өлүм катталды. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы 18-майдагы окуяга этиятсыздык түрткү бергенин маалымдаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









