Жалал-Абадда акысыз юридикалык кеңеш берүү борбору ачылды (ФОТО)
Бүгүн, 16-июнь күнү КР Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында акысыз юридикалык кеңеш берүү борборунун ачылыш аземи болуп, анда келгендерге бул борбордун аткара турган кызматы боюнча кеңири маалымат берилди.
Ачылыш аземге Юстиция министрлигинин акысыз юридикалык кеңеш берүүнү координацилоо борборунун директору Акжол Калыбеков, Ист-Вест менеджмент институтунун филиалынын директору Уран Ахметов жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Юстиция министрлигинин акысыз юридикалык кеңеш берүүнү координацилоо борборунун директору А.Калыбековдун сөзүнө караганда, борбордон жарандар бекер юридикалык кеңештерди алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
- Борбор ачылып калып, анан убакыт өткөндөн кийин жабылып калган мисалдар көп. Бул борбор өкмөттүк деңгээлде кабыл алынгандыктан, туруктуу иштейт. Ар бир район-шаарларда ушундай борборлор ачылат. Борбордон ар бир жаран бекер консултациялык кеңештерди алууга укуктуу. Кайрылган жарандар оозеки жана жазуу түрүндөгү жардамдарды ала алышат. Мисалы, жер маселесине байланыштуу болобу, же башка укуктук меселеби, күнүмдүк болуп жаткан маселелер боюнча жарандар борборго келип, юридикалык жардамдарды алып кетүүгө болот. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, КР жарандарында өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттар жок болгон учурда аларга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтөт. Бирок, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча мамлекеттик реестрде турган адвокаттар гана мамлекет юридикалык жардамды көрсөтүүгө укугу бар. Бул ачылган борборго ЮСАИДдин колдоосу менен техникалык жабдуулар алынып, мамлекеттик болуп ачылды, - деди А.Калыбеков.
Ист-Вест менеджмент институтунун филиалынын директору Уран Ахметовдун берген маалыматына караганда, учурда Чүй, Ош, Талас, Ысык-Көл облустарында ушундай 12 борбор иштеп жатат.
“Быйылкы жылдын башынан бери 12 борборго 51 миң 950 жаран кайрылса, анын 11 миң 196сы акысыз юридикалык консультация алган. Ошол себептен, бардык региондорго ушунда акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорун ачуу зарылдыгы келип чыгууда. Жарандарга мындай борборлордун бар экендигин жеткирүү үчүн маалыматтык компаниясын жүргүзүү керек. КР Конституциясында жазылгандай, ар бир жаран юридикалык жарда алууга укуктуу. Ошондуктан, каражаты жок жарандар бекер юридикалык жардам алууга укуктуу, - деди У.Ахметов.
Эскерте кетсек, акысыз юридикалык жардам берүү борбору бүгүн, 16-июнда Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында ачылды.
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (юридикалык жардам) – мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардам. Бул иштин координатору – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистештирилген башкармалыгынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү максатында арыз берүүчү менен адвокаттын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылуучу кызмат адамы.
Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg"
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13