KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өрткө каршы кызматтын кызматкерлерине арналган монумент орнотулду (ФОТО)

Жалал-Абадда өрткө каршы кызматтын кызматкерлерине арналган монумент орнотулду (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдык маарекеси белгиленип, ушул кызматтын кызматкерлерине арналган монументтин ачылыш аземи болду. Бул  тууралуу шаардык  мэриянын маалымат борбору билдирди.

Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков баштаган бир топ бийлик өкүлдөрү жана өрт өчүрүү кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө сөз кезеги вице-мэрге берилип, ал өз сөзүндө бүгүнкү күндүн себепкерлери болгон өрткө каршы кызматтын кызматкерлерин майрамы менен чын дилден куттуктап, аларга чың ден-соолук, кажыбас кайрат жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап өттү. Мындан сырткары, вице-мэр өткөн 91 жыл аралыкта кандай жетишкендиктер жана өзгөрүүлөр болгонуна да токтоло кетти.

Ал эми Жалал-Абад облустук рөткө каршы кызматынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров өрткө каршы кызматтын материалдык-техникалык базасы чыдалып жатканын билдирди.

- Бүгүнкү КР өрткө каршы мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине арналган монументтин ачылышы бизде чоң окуя. Аталган монументти куруубуздун негизги себеби, биздин кызматкерлер чындыгында өтө кооптуу жана жооптуу ишти жүзөгө ашырат эмеспи. Эң негизгиси биздин кызматкерлер өз ишинин устаты болуп, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда. Буга чейин союз мезгили жаңы таркаган учурда бизде бир топ эле кыйынчылыктар болгон, тактап айтканда унааларыбыз жок болуп өтө кыйналганбыз. Кийинчерээк, 2008-жылдан баштап бизге ӨКМ жана Өкмөт тарабынан колдоолор болуп, бүгүнкү күнү өз ишибизди так аткарып келүүдөбүз, - деди А.Закиров.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу 1926-жылы 15-июнда адистештирилген өрткө каршы команда түзүлгөн. Ошол 1926-жылы 15-июнда Фрунзе шаардык советинин сессиясынын чечими менен биринчи жолу шаарда адистешкен өрткө каршы команда түзүлүп, ишин баштаган. Ал кезде өрткө каршы команданын штаттык курамында 9 киши болуп, ал команда төрт ат жана бир автоунаа менен жабдылган.

Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында өрткө каршы кызмат үч жылдан кийин гана 1929-жылы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин кыргыз өрткө каршы кызматынын карамагында 22 автоунаа, 26 мотопомпа, 755 колдо иштетилүүчү насостор болгон.

Кыргыз Ресубликасы Эгемендик алган 1991-жылдан баштап кыргыз өрткө каршы кызматынын азаматтары он миңдеген өрттөрдү өчүрүүгө жетишип, миллиарддаган сомдук мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөрдү сактап калуу менен, жүздөгөн адам өмүрлөрүн да сактап калууга жетишишкен. Эгемендик жылдарында кыргыз өрткө каршы кызматы 16 миллиард сомдон ашуун көлөмдөгү мүлктөрдү жок болуп кетүүдөн сактап калган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аракетке жөндөмдүү 87 өрткө каршы бөлүктөр иштеп жатат. Анда иштегендердин саны 3 миңден ашат. Алардын өз милдеттерин кыраакы аткарганы аркылуу биздин коомубуз, жарандарыбыз өрт коопсуздугунун шартында жашап келатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13