Ош шаарынын мэри АКШнын элчиси менен жолукту
Бүгүн, 15-июнь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Америка Кошмош Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана толук укуктуу элчиси Шейла Гуолтни менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, жолугушуунун алкагында кызматташуунун пландары, ошондой эле, эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү, Ош шаарындагы бизнес багытын көбөйтүү, жеке ишкерлерге жана өндүрүш ишканаларын колдоо көрсөтүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев элчиге эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.Ошондой эле,эки мамлекеттин саясий, экономикалык кызматташуусуна өткөн 25 жыл болгондугун айтып бул аралыкта аткарылган ийгиликтер дагы да уланат деген ишенимин билдирди.
“Ош шаарынын мэриясы демилгелүү долбоорлорду колдоого ар дайым даяр. Бизде көптөгөн социалдык, экономикалык жана маданий долбоорлор бар. Элчилик бизнес багытын колдоого алып келет. Биздин өнүктүрүү программабызда өндүрүш багытында приоритеттүү багыттарды кабыл алганбыз. Алар орто жана чакан ишканаларды көбөйтүү. Бул багыттан инвестиция тартып, үч жылдын ичинде 5 эсеге өстү. Ош шаарында жумуш орундарын түзүү жана жеке ишкерлерди колдоо, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү багытын эки тараптуу колдоого алып, кызматташабыз деген үмүттөмүн” – деди А.Кадырбаев.
АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Ош шаары менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.
“Ош шаары өнүгүүнүн жолунда бара жаткан шаарлардын катарын толуктаарына ынандым. Биз чакан ишканаларды, айыл-чарбасын, туризм багыттарын өнүктүрүүчү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Учурда АКШнын экономика минстрлигинин сайтына атайын баракча ачып Кыргызстандагы долбоорлорду жүктөп, инвесторлорду, тендерге катышууга каалоочуларды тартып жатабыз. Ош шаарында да долбоорлор ишке ашып жатат”, - деди Ш.Гуолтни.
Жыйындын алкагында билим берүү тармагында да көп жылдык кызматташуулар болуп жаткандыгы туурасында сөз болуп,ошондой эле Ош шаарында АКШнын эгемендүүлүк күнүнө карата июль айынын алгачкы күндөрү чоң программадагы джаз концерти уюштурулаары маалым болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13