Тажикстанда Башкы прокуратура кызматкери коррупция шеги менен камалды
Тажикстандын укук коргоо органдары Башкы прокуратуранын жогорку даражадагы кызматкери Хуршед Жабборзоданы кармады. Маалыматтарга караганда, ал эки апта мурун Улуттук коопсуздук комитети менен коррупцияга каршы мекемеси тарабынан камалган.
Хуршед Жабборзода Башкы прокуратурада жарандык, экономикалык, үй-бүлөлүк жана административдик сот актыларынын мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.
“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, Жабборзода эки жыл мурун Башкы прокуратурага Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен келген. Ал антикоррупциялык мекеменин буга чейин камалган кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен кармалган. Хуршед Жабборзода документтерди жасалмалоого айыпталууда.
Учурда Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы жана азыркы жети кызматкери камакта. Алардын иши менен атайын түзүлгөн иликтөө тобу алектенүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









