
Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк донорлор күнү белгиленди

Бүгүн, Жалал-Абад шаарында 14-июнь – Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан Улуттук Кызыл ай коомунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Зафар Абидов “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.
Маалымат жыйынга Жалал-Абад облустук кан борборунун директорунун орун басары, ардактуу донор Айчүрөк Капарова, Кыргызстан Улуттук Кызыл ай коомунун призидиумунун мүчөсү Салайдин Мусаев, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын медайымы, ардактуу донор Сүйүнбүбү Орозматова катышып, донор болуу адам баласы үчүн өтө маанилүү экендигине токтолушту.
Кыргызстан Улуттук Кызыл ай коомунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Зафар Абидовдун сөзүнө караганда, үстүбуздөгү жылдын январь айынан бери аталган коом тарабынан “Кайтарымсыз ыктыярдуу кан тапшыруу” долбоору иштей баштады. Бул долбоор Швейцариянын Кызыл крест коому тарабынан каржыланып, 2017-жылдын январь айынан өлкөбүздүн бардык облустарында иштей бааштады.
- Долбоор Жалал-Абад облустук кан борбору менен биргеликте эки жыл аралыгында ишке ашырылат. “Кайтарымсыз ыктыярдуу кан тапшыруу” долбоорунун негизги максаты – элдин ыктыярдуу кан тапшыруу түшүнүгүн жогорулатуу аркылуу жабыркагандардын өмүрүн сактап калууга жардам берүү болуп саналат. Долбоордун алкагында мекеме-ишканаларда жана ЖОЖдор менен орто окуу жайларда мааалымат сессиялары өткөрүлүп, эл арасында ыктыярдуу кан тапшыруучулардын санын көбөйтүүгө багытталган,
Долбоордун ишин жакшыртуу максатында ыктыярчылар кабыл алынган. Ыктыярчылар менен биргеликте жогорку жана кесиптик окуу жайларга, мекеме-ишканаларга барып, өз ыктыяры менен кан тапшырууга үгүттөө, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, - дейт З.Абидов.
Жалал-Абад облустук кан борборунун директорунун орун басары Айчүрөк Капарованын айтымында, облустук кан борборунун имараты 1968-жылы жаңы типтеги 3 кабаттуу имарат болуп Түркстан аскердик округу тарабынан курулган.
- Ошол жылдан баштап Жалал-Абад облустук кан борбору 49 жыл боюу кан кызматы жогорку деңгээлде өздөштүрүлүп, кыргызстандын түштүк аймагынын (Ош, Баткен, Жалал-Абад) шаар-райондорун кан жана анын компоненттери, препараттары менен үзгүлтүксүз камсыз кылып, миңдеген оорулардын өмүрүн сактап калуусуна түздөн-түз себепкер болушкан. Ал убакта Жалал-Абад шаарындагы кан борбору Ош облустук кан куюу станциясы деп аталган жана түштүк аймагын кан компоненттери менен камсыз кылып келишкен. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары өздөрүнчө бөлүнүп кеткенден кийин гана Жалал-Абад облустук кан борбору болуп калган.
Донор – бул белек кылуу, бир адамдын өмүрүн сактап калуу дегенди билдиирет. Кан борбору күнү-түнү иштейт. Адамдардан алынган канды жасалма жол менен иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Кандын жалгыз булагы болуп бир гана адама баласы – донор болуп эсептелет. Донордун каны көп кан жоготууларда, ар кандай автокырсыктарда, табигый жараталыш кырсыктарында, төрөт учурларында, өпкө-жүрөк, ашказан, боор операцияларында, ак кан ооруларында бирден бир алмашкыс керектүү дары. Кандан ар түрдүү кан компоненттери жана препараттары жасалат. Алар: эритроциттардык масса, жаңы тоңдурулган плазма, 3 жана 5 жолу жуулууучу эритроциттардык масса, тромбо, лейко концентрант жана башкалар. Бизде ар дайым запаста текшерилген ар бир кандын группасынан 5-6 литрден болуп, 25-30 литр кан туруусу зарыл. Кандын корунун 20 литрдей калганда тез чара көрүү менен атайын өзүбуздө түзүлгөн бригаданын жардамы менен мекеме-ишканалар менен келишим түзүп, кан даярдап келебиз. Облустук кан борборунда бизге көмөктөшүп ар бир 2 айда кан тапшырып турган 300дөн ашуун активдүү донорлорубуз бар. Андан сырткары, акысыз өз ыктыяры менен кан тапшырган донорлор жана туугандарына тапшырган донорлорубуз болот. Ар бир донордун канын кан аркылуу жугуучу инфекцияларга текшерүү үчүн жана реактивке кеткен каражаттар болуп 3-4 миңден кем эмес акча сарпталат. Донор 300-400 мл.ге чейин кан тапшырса болот. Бул деген физиологиялык доза болуп эсептелет жана ден соолукка эч кандай зыяны жок, себеби адам баласында 4-5 литр кан бар, - деди А.Капарова.
Кыргызстан Улуттук Кызыл ай коомунун призидиумунун мүчөсү Салайдин Мусаевдин сөзүнө караганда, чет мамлекеттерде эл өзү ыктыярдуу түрдө бекер тапшырып турушат.
- Кан кызматы мага өтө жакын, белгилүү. Себеби, 15 жылга жакын ушул кан борборун жетектедим. Кызыл ай коомунун призидиумунун мүчөсүмүн. Түрктөрдүн Кызыл ай коому караждат бөлүп, 3 жыл мурун донорлукту пропагандалоо иши башталган. Эми Швейцариянын Кызыл крест коому тарабынан каржыланып, донорлукту пропагандалоо иши жайылып жатат. Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз кан тапшырса, ал таза кан тапшырат. Эгерде кандайдыр кызыкчылык менен кан тапшырса, ал өзүнүн кээ бир ооруларын жашырып коюп, кан таза чыкпай калат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму акысыз донорлукту колдоп жатат. Акырындык менен биз да акысыз донорлукка өтүшүбүз керек, - дейт С.Мусаев.
Ошондой эле, 14-июнда Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында д облустун ардактуу донорлору чакырылып, аларга ардак грамоталар, ыраазычылык каттар, белектер берилди. Облус аймагынан жалпы ардактуу 40 донор келип, иш-чаранын биринчи бөлүгү сыйлоо менен башталып, андан соң донорлорго жана келген конокторго концерттик программа тартууланды.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38
Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда
«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...
ДЕН СООЛУК 2016-06-02 13:44