KELECHEK
rek

Ошто 70ге жакын жаштар акысыз тил курсун бүттү (ФОТО)

Ошто 70ге жакын жаштар акысыз тил курсун бүттү (ФОТО)

Бүгүн, 14-июнда Ош шаарынын жаштар комитети тарабынан уюштурулган жаштар парламент экинчи тобунун мүчөлөрүн окутуу жана акысыз тил курстары аяктаган  жаш активистерге сертификаттар тапшырылды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, жаштар иштери боюнча комитетинин төргасы Мелис Обозов, бүтүрүүчүлөр катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, вице-мэр Нурбек Кадыров курсту ийгиликтүү аяктаган жаштарды куттуктап, кайдыгер болбоого үндөдү.

“Ош шаарынын мэриясы мамлекеттин, шаардын өнүгүп өсүүсүнө кайдыгер карабаган жаштарга ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Жаштар биз келечекти курабыз, андыктан биргеликте жаштардын саясатын жүргүзүп, өлкө үчүн билимибизди аябайлы. Ар тараптан өнүгүү учурдун талабы”- деди Н.Кадыров.

Ал эми жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов жаштарды тил үйрөнүүгө көмөктөшкөн Максимум окуу борборуна ыраазычылык билдирип, жыйынтыгы чоң жетишкендик менен аяктаганын кошумчалады.

Айта кетсек, 70ге жакын жаштар акысыз англис, түрк жана орус тилдеринде үйрөндү. Ошондой эле 20дан ашуун студенттер жаштар парламентинин окуусунан өттү.

Ал эми курстун бүтүрүүчүлөрү үйрөнгөн тилинде Ош шаарынын мэриясына жана жаштар комитетине ыраазычылык билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Каракалпакстандын Нукус районунда  нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  10:32