Орусиядагы антикоррупциялык митингдерде 1400 киши кармалды
Орусиянын бир нече шаарларында саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары коррупцияга каршы жапырт митингге чыгышты. Полиция уруксат берилген жана берилбеген акциялардын катышуучуларын кармоодо.
Акыркы маалыматтарга караганда, полиция Москвада 731, Санкт-Петербургда 500дөй, Орусиянын башка шаарларында 140тай адамды кармады. Натыйжада кармалгандардын саны 1400дөн ашты.
Ал эми антикоррупциялык жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды полиция Москвадагы демонстрация башталганга чейин эле үйүнүн сыртынан кармап кетти. Навальный коомдук демонстрациялардын эрежесин бузган, милицияга каршылык көргөзгөн деп айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 30 суткага чейин кесилиши мүмкүн.
Москвада коррупцияга каршы митинг бийлик менен мурда макулдашылгандай Сахаров проспектисинде эмес, Кремлге жакын Тверь көчөсүндө өткөн.
Полициянын калкан жана желим таяктар менен куралданган атайын күчтөрү демонстранттарды бул аймактан күч менен сүрүп чыгарышты. Акция катышуучулары Москвада дагы “Путин ууру!”, “Навальныйга боштондук” деп кыйкырып жатышты.
Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









